Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Нурдан Орунтаев Кытай менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу […]Читать далее
Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын жалпы 50 дипломатиялык өкүлчүлүгү бар. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар элчиликтер, башкы консулдуктар жана кеңселер. Алардын ичинен 32 өлкөдө толук кандуу элчиликтер иш алып барууда. “Быйылкы жыл тарыхый жыл болуп саналат, анткени Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын жаңы элчилиги ачылды. Бул элчилик — Кыргызстандын Африка континентиндеги эң алгачкы дипломатиялык […]Читать далее
Жыл аягына чейин лизингге 2 миңден ашык айыл чарба техникасы берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, 9 айындын ичинде дыйкандар 5,8 млрд сомго 1800дөн ашык техника алган. “Министрлик агросектордун техникалык […]Читать далее
Бишкек шаарынын, Учкун конушунда жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эки кабаттуу имарат 140 балага ылайыкталган, бирок заманбап ыкмалардын аркасында 280 балага жөндөмдүү. Бала бакчада 12 тайпа бар: кенже, орто жана даярдоо. Имараттын жалпы аянты 1908 м², ал эми жер аянты 0,83 га. Бала бакча Чүй проспектиси менен Аксы көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Мекемеде […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 3 жылдан бери өлкө боюнча видео камералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, видео камералардын саны 20 миңден ашыш керек. Ошондо гана өлкө боюнча толук коопсуздук камсыз кылынат. Азыркы убакта коопсуз шаар системасынын камералары: Бишкек шаарынданда – 651, Баткен облусунда – […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 22-31-октябрында Бахрейн Королдугунун борбору Манама шаарында өтө турган III Азия жаштар оюндарына (Asian Youth Games – Manama 2025) катышууга Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Кыргызстандын жаштар курама командасын жөнөтүү аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, команданын капитаны Улан Майрамбековго жана спортчу Доминика Чернецкаяга Кыргыз […]Читать далее
Соңку эки жыл ичинде өлкөдө бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптималдаштыруу менен кошумча орундар түзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылы уктоочу жайларды натыйжалуу колдонуунун аркасында 900дөн ашык кошумча тайпа ачылып, 26 миң 220 бала кабыл алынды. 2025-жылдын ушул күнүнө чейин дагы 9 миңден ашык бала бакчага жайгаштырылды. Бул иш кийинки жылы да улантылып, […]Читать далее
3 пайыздык жеңилдетилген насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын “Щёлково Агрохим” компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алып келинүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үрөндөр кийинки жылдары көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге таратыла баштайт. Мындан тышкары, үрөндү сыноо жана адаптациялоо иштери тиешелүү агрохимиялык жана лабораториялык […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына АКШда иммиграциялык көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн эскерткен билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча, АКШнын федералдык иммиграциялык органдары ири шаарларда чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат. Кыргызстандын АКШдагы мекемелери кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Жарандардан кайрылуулар түшкөн […]Читать далее
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Түркиянын жаңылык операторлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полателди жана түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери менен телеканалдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды. “27 жылдан бери өтүп келген ZOOM эл аралык видеожаңылыктар […]Читать далее