Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди. Алагөзов мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө киришин белгилеп, мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер Кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керектигине токтолду. “Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 20-декабрдан тартып, 31-декабрга чейин, жалпы өлкө аймагында унаалардын маңдайкы же алдыңкы эшиктин каптал айнектерине күңүрттөө түшүрүлөн же терезе парда, ошондой эле тийешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча “Күнгүрттөмө” (тонировка) аталышындагы рейддик профилактикалык иш-чарасы уланууду. Рейддин […]Читать далее
2024-жылдын III жана IV кварталына карата Бишкек жана Жалал-Абадда мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулуп жаткан 3 миңге жакын батирди бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов билдирди. Ал белгилелегендей, батир баалары базар баасынан төмөн болот. “Бүгүнкү күндө Бишкекте […]Читать далее
Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, бирок 30 миң сомго чейинки пенсия алгандар үүчүн 500 сомдон кем эмес көбөйдү. “Пенсияны көбөйтүү үчүн 3,9 млрд сом каралган. Пенсиянын орточо […]Читать далее
Келерки жылдын I жана II кварталында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) эсебине 100 млн доллар которулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров билдирди. Анын айтымында, бул «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражат. “Мындан тышкары, эмдиги жылы Азия өнүктүрүү банкы […]Читать далее
Бактияр Алиев “Кабар” маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. 2023-жылдын 22-декабрында “Кабар” маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Алиев Бактияр мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасындагы маанилүү өзгөрүүлөр менен бөлүштү. 2023-жылдын 1-октябрынан тартып 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн пенсиянын […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт. 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 […]Читать далее
Кыргызстанда 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров. Анын айтымына караганда, кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан. “Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын […]Читать далее
Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган, деп билдирди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, – деп кошумчалады ал.Читать далее
Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд 209,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалддык фондун башчысы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 033,1 млн сомго, же 130,5%га өстү. “Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 11 айдын ичинде алдын ала маалыматтар боюнча, […]Читать далее