Бишкекте үч сааттын ичинде айдоочуларга 465 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте Лев Толстой жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгынын жөнгө салуу учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 31 айдоочу одоно түрдө жол эрежесин бузганы аныкталды. Алардын баары каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү өндүрүштүк жаракаттан жабыркаган Кыргызстандын жаранына жардам көрсөттү. Ведомстводон маалымдашкандай, Д.А. аттуу жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан “Консалтинг энд Коачинг” ЖЧКсынын жетекчилиги менен зарыл болгон сүйлөшүүлөр жана иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада Кыргызстандын жаранына 1 млн рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди. Белгиленгендей, бул учур Россиядагы мекендештердин эмгек укуктарын жана […]Читать далее
Өлкө боюнча күзгү ным топтоо сугаты активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан күзгү ным топтоо сугатында республика боюнча 220 миң га жерди сугаруу пландалды. 21-октябрга карата 156 миң гектар жер сугарылды. Ным топтоо сугаттары – өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинин башында көп өлчөмдө […]Читать далее
Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак комплексиндеги турак жайлардын биринчи кабатында окуу класстары ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, филиал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек мэриясынын координациясы менен шаардагы мектептердин ашыкча толуп кетишин азайтуу максатында ачылды. Турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында окуу класстарынын уюштурулушу жаңы мектептер курулгучакты жакынкы билим уяларындагы жүктү азайтууга мүмкүндүк берет. […]Читать далее
Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. “Эркечтам” карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Кытайдан импорттолуп келе жаткан жалпы көлөмү 25 150 кг болгон продукцияны коштоп келген фитосанитардык сертификат талаптарга жооп бербегендиги аныкталган. Аталган факты боюнча, КР “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” […]Читать далее
Быйылкы жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына жарандардан жана юридикалык жактардан салык кызматкерлерине карата 181 кайрылуу түшкөн. Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан (УКМК, ИИМ, прокуратура органдары, РИИБ жана башка) келип түшкөн. 2025-жылдын 1-октябрына карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда кароодо турат. […]Читать далее
Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Кадыралиевге 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды. УКМКдан белгилешкендей, Мирбек Кадыралиев былтыр оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатып, жарылуудан улам бир колунан ажыраган. Буга байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, каражат жагынан кыйынчылыктар жаралган. Үй-бүлөсү менен батирлеп жашап, жаңы тамын бүтүрүүгө шарты […]Читать далее
Бишкек шаарында бүгүн, 17-октябрдан тарта №153 Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады. Мэриядан билдиришкендей, бул чечим “Жол кеңеши – 2025” алкагында кабыл алынган. Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00. Эскерте кетсек, автобустар экспресс болгондуктан, токтоочу […]Читать далее
Бүгүн ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун төрагалыгы астында ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, онлайн кеңешменин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө шайлоо […]Читать далее
Бишкекте “Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин укуктарынын сакталышын камсыздоого багытталган мониторингдин жыйынтыгы” темасында талкуу өткөрүлдү. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, иш-чара “Оазис” жана Фридрих Эберт атындагы фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Индиянын элчилигинен, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана чет элдик студенттер катышып, Кыргызстандын аймагында билим […]Читать далее