Бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Синоптиктердин маалыматына караганда, Бишкекте түндө абанын табы -14…-16 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми эртең борбор калаада күндүз -1…-3, түндө -12…-14, 22-февралда күндүз -1…-3, түндө -11…-13 градус суук болору күтүлүудө. Бүгүн түндө Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Айрым […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын долбоорун иштеп чыкты жана коомдук талкууга сунуштайт. Ведомстводон билдиришкендей, программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат: – мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган 5 мамлекеттик питомникти түзүү; – багбанчылыкка адистешкен 25 кооперативтерди […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу); Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында […]Читать далее
Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 7-жумасында (12.02-18.02.24) республика боюнча сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциянын 6746 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын – 6,5%га азаюусу байкалууда. Бардык оорулардын 65,7%ы 14 жашка чейинки балдар.Читать далее
Кыргызстанда бир жумада коронавирус инфекциясынын 3 учуру катталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Ош шаарында 1 жана Чүй облусунда 2 учур аныкталган. Учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп бааланууда.Читать далее
Карга жана туманга байланыштуу Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы “Ош” аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү 500 метрди түзүүдө. Белгилей кетсек, көрүү норма боюнча 5 миң метрди түзүүсү зарыл.Читать далее
Жазында Бишкек 1,6 млн бир жылдык гүлдөр менен кооздолот. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында жазгы гүл отургузууга активдүү даярдык башталды. “Учурда күнөсканаларда жаш көчөттөрдү жаңы топурак аралашмасы толтурулган чоңураак идишке көчүрүү иштери жүрүп жатат, бул процесс гүл үчүн оор болушу үчүн, көчөттөр өсүүнүн алгачкы стадиясында жыйналып алынат. Февраль айында ишкананын эки күнөсканасына бир жылдык […]Читать далее
Өлкөнүн айрым жолдоруна чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Кар жаап, абай ырайынын өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна убактылуу менен чектөөлөр киргизилди. Алар: -Каракол-Энгильчик автоунаа жолунун 38-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейинки аралыгына; -Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу суу кар жаап ар жерден кочку тушуп жаткандыгына байланыштуу 45 чакырымынан 130 чакырымына чейин жол жабык. […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун тазалоону улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, линияда 37 атайын техника, анын ичинде «МАЗ» үлгүсүндөгү 22 кар тазалоочу агрегат, 1 алдыңкы жүктөгүч, 8 «Беларусь» трактору щетка жана күрөгү менен , 4 «УКМ-2500» универсалдуу техникасы, ошондой эле жаңы атайын кар тазалоочу 2 “Bobcat” техникасы. 48 тоннадан ашык техникалык туз сарпталды. Мындан сырткары ишкананын 38 […]Читать далее
Москвада КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага палатанын президенти Темир Сариев катышты. Белгиленгендей, эми кеңсе бизнес үчүн негизги аянтча болуп, анда ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү таап, актуалдуу маселелерди чече алышат. Жаңы өкүлчүлүк Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошот. КР Соода-өнөр жай палатасы Россияда өзүнүн таасирин активдүү […]Читать далее