Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын экинчи отурумунун ишине катышты. Иш-чарага Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Россиядан, Тажикстандан комиссиянын мүчөлөрү жана КМШнын Экономикалык Сотунун, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы эл жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Эрлан Атабаев, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, мамлекеттик органдардын, БУУнун калк жайгаштыруу жаатындагы фондунун өкүлдөрү катышты. Жыйында З. Жумалиев […]Читать далее
Учурда, дүйнө жүзүндө авиациялык технология өркүндөп, жүргүнчүлөр жана экипаждар үчүн учууларды коопсуз жана натыйжалуу кылууну улантууда. Кызмат көрсөтүүнүн сапатын тынымсыз жогорулатуу жана коопсуздуктун жогорку стандарттарын камсыз кылуу максатында «МЭА» ААК «Ош» эл аралык аэропортуна жаңы инновациялык конуу системасын – ILS (Instrument Landing System) киргизди. ILS – татаал аба ырайы шарттарында жана начар көрүнүү шартында так […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Электр станциялары» ААК филиалы – «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан ишкананын кызматкерлерин маанилуу майрамы менен куттуктап, «Бишкек жылуулук тармагы» шаардын экономикалык жана социалдык өнүгүшү үчүн чечүүчү орунда турган […]Читать далее
Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7,7% кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Жакырчылык жана теңсиздик” аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди. Форумдун максаты – улуттук прогрессти жана өнүгүү максаттарына жетүүдөгү чакырыктарды карап чыгуу, жакырчылыкты кыскартууга багытталган саясатты аныктоо жана аны кыскартуу жолдорун талкуулоо. Улуттук форум жакырчылык жана теңсиздик менен күрөшүүгө […]Читать далее
2023-жылдын 3-ноябрында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2023-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички Аскерлердин кол башчысы, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов И.Раззаков атындагы мектептин аймагына мыйзамсыз курулган 9 турак үйдүн ээлери менен жолукту. Учурда бул жердеги мектеп аянтына курулуштары чыгып кеткен турак жай ээлери түшүнүү менен өз алдынча үйлөрүнүн дубалдарын жана чарбалык курулуштарын бузуп жатат. Бул жердеги турак үйлөр 1 метрден 4 метрге чейинки аралыка чыгып кеткендиги аныкталган. Мунун алкагында […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясы, патрулдук милиция менен биргеликте шаардагы мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин жетекчилерине окуучулардын жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү. Мында билим берүү мекемелери жайгашкан көчөлөрдө жол коопсуздугун камсыздоо, кырсыктарды алдын алуу, окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча күн сайын сабактарды өткөрүү зарылчылдыгы белгиленди. Ошондой эле, башталгыч класстардын окуучуларынын ата-энелери мүмкүн болушунча […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана “Газпром” коомдук акционердик коому Санкт-Петербургда өткөн газ боюнча эл аралык форумда өлкөнүн газ тармагын өнүктүрүүдө кызматташуу Меморандумуна кол коюшту. Документ газ тармагында узак мөөнөттүү кызматташууга, ошондой эле энергетика жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталган. Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Газпром” коомдук акционердик коомунун башкы директору Алексей Борисович Миллер кол коюшкан. […]Читать далее
Бүгүн, 2-ноябрда Улуттук тарых музейде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон мамлекеттин көрүнүктүү ишмерлеринин репрессиянын курмандыгын болгондугунун 85 жылдыгына арналган “Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү. Конференцияга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков, […]Читать далее