2023-жылы Маданият министрлигине 7,3 млрд сом бөлүндү

 2023-жылы Маданият министрлигине 7,3 млрд сом бөлүндү

2023-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаыт министрлигинин тармактарына мамлекет тарабынан кошумча колдоого 7 млрд 306 млн 745 мин 800 сом акча бөлүндү.

 

Ведомстводон билдиришкендей, бул көрсөткүч акыркы 5 жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү. Ошентип каражат тармактарга төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

 

– маданиятка – 2 млрд 643 млн 451 миң 700 сом;

– билим берүүгө – 1 млрд 436 млн 528 миң 900 сом;

– киного – 345 млн 115 миң 600 сом;

– спортко – 1 млрд 829 млн 942 миң 900 сом;

– маалымат тармагына – 548 млн 79 миң 900 сом;

– жаштарга – 38 млн сом.

Связанный пост