Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Бул тууралуу мэриядан эске салышты. Жол кире акысы төмөнкүдөй болот: Троллейбуста – 17 сом; Автобуста – 17 сом; Маршруткаларда – 20 сом; валидаторлор орнотулган автобус жана троллейбустарда накталай төлөм 20 сомду түзөт. Пенсионерлер, 7 жашка чейинки балдар, майыптыгы барлар автобус менен троллейбустарда акысыз жүрөт. Ал эми […]Читать далее
ЮНИСЕФ Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана даярдыгын күчөтүү үчүн 25 чоң чатыр тапшырды
ЮНИСЕФ КР Өзгөчө министрлигине 25 чоң чатырды тапшырды. Аларды жаш балдарды окутуу, тамактануу же саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу кызмат көрсөтүүчү, же адамадарды убактылуу жайгаштыруучу жай катары колдонсо болот. Жабдуулардын жалпы баасы 4,7 млн сомдон ашат. Тапшыруу аземи Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Кристина Бруджиолонун катышуусу менен өттү. Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки түрү бар. Чатырлардын өлчөмдөрү 72 жана 42 чарчы метрди түзөт. Андан тышкары, ЮНИСЕФ пол төшөө катары колдонула турган брезент жана өзгөчө кырдаалдар убагында колдонулуучу санитардык шаймандарды берди. «Тилекке каршы, биз бардык кырсыктарды алдын ала албайбыз. Бирок аларга даярдык аркылуу алардын терс кесепеттерин жеңилдетсек болот. Бул жабдуулар Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана калкты, өзгөчө жаш балдарды, коргоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт деп ишенебиз», – деп белгиледи Кристина Бруджиоло. ЮНИСЕФ балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүп, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүдө колдоо көрсөтүүнү улантат.Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадиону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Азыркы тапта жумуш кызуу жүрүп жатат. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты. Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Муну менен эл аралык бардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга ыңгайлуу […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 29нан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору. Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы […]Читать далее
Улуттар арасындагы ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда эл менен болгон жолугушууда билдирди. УКМК төрагасы 2010-жылдагы окуялар эч качан кайталанбай тургандыгын баса белгиледи. “Кыргызстан көп улутту мамлекет. Эки элди чабыштырууга мындан ары жол бербейбиз. Кыргыз-өзбек түбөлүктүү ынтымакта жашашы керек. Ага шарт түзүү биздин милдет. Улут болуп, […]Читать далее
Бишкек шаарындагы аялдамалар жайгашкан пункттарда коомдук транспорттун аялдамага келүү аралыгы жана болжолдуу убактысы тууралуу билүүгө мүмкүн болгон QR–коддор жайгаштырылууда. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ар бир аялдамада жайгаштырылган QR-кодду смартфондун камерасы же “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөөгө болот. Долбоор борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында “Санариптик технологиялар борбору” жана […]Читать далее
Эмгек министрлиги 2024-жылы республикалык бюджеттен кесипке багыт берүүгө 8,2 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” долбоорунун жыйынында билдирди. «Долбоордун жүрүшүндө ишке орноштуруу кызматтары боюнча методикалык колдонмолор, жаштардын көндүмдөрүн аныктоо үчүн тесттердин ар кандай түрлөрү […]Читать далее
Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган базардын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымына караганда, мындан ары жерлерди гектарлап ээлеп алган “байлардын” жерлери кайтарылып, мыйзам чегинде баары тартипке салынат. “Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү ири соода борборлору курулат. Эки-үч сотых […]Читать далее
“Ош” аэропортунда каттамдар жандандырылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. “Туман тарагандыгына байланыштуу саат 13:30дан тарта аба каттамдары жандандырыла баштады”, – деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, коюу тумандан улам бүгүн, 27-январда саат 03:20дан тарта “Ош” эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалып турган.Читать далее
Энергетика министрлиги 2024-жылы Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча 600 миң “акылдуу” эсептегич сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы таалайбек Ибраев 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында билдирди. Анын айтыында, акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен авариялык абалдардын саны кыскарат. “Энергетика министрлиги жакынкы 2 жылда бардык абоненттерди (1,5 млн) “акылдуу” эсептегичтер менен камсыз кылууну пландаштырууда, бул жылы 800 миң абонентти, […]Читать далее