Акыркы коңгуроо. ЖКККББ баардык аймактардагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт ордуларын уюштурат

 Акыркы коңгуроо. ЖКККББ баардык аймактардагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт ордуларын уюштурат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагындагы орто мектептерге бекитилип, “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашууда.

Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатында баардык аймактардагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт ордулары уюштурулуп, баардык унаалар токтотулуп текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Айрыкча спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа башкаргандарга, кымбат баалу унааларды жалдашып автоээнбаштык жасагандарга жана айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жарандарга мыйзамдын чегинде каттуу чаралар көрүлөт.

Связанный пост