Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасы боюнча Тегеранда Ирандын каза болгон Президенти менен расмий коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) өткөрүлгөн Иран Ислам Республикасынын каза болгон Президенти Эбрахим Раиси менен расмий коштошуу зыйнатына катышты.

 

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев иран тарапка Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан көңүл айтты.

 

Белгилей кетсек, коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Ирандын борборуна бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Пакистандын, Тажикстандын Президенттери, Азербайжандын Премьер-министри, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын спикерлери, Белоруссиянын Тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.

Связанный пост