Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Анын маалыматына караганда, 4-5-ноябрда өлкө аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. […]Читать далее
Бишкектин борборунда шаардын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири — Old Bishkek жер астындагы комплексинин курулушу уланууда. Октябрь айынын акырына карата жалпы курулуш иштеринин болжол менен 80 пайызы бүткөрүлгөн. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуштун жүрүшү менен жеке таанышуу максатында курулуш иштери менен таанышты. Аны Нариман Түлеев тосуп алып, курулуштун учурдагы этабы, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы […]Читать далее
Башкы прокуратура ишкерлерди коргогон атайын бөлүм ачты. Бул тууралуу “Улуттук инвестициялык диалог” аталышындагы иш-чарада башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана инвесторлор менен ишкерлерди колдоо боюнча» жарлыгына ылайык, прокуратура органдарына бизнести негизсиз текшерүүгө бөгөт коюу, менчикти жана инвестицияларды коргоону камсыздоо, лицензиялоо, бажы, салык жөнгө салуу тармагындагы […]Читать далее
Бишкекте жакынкы күндөрү аба ырайы кескин сууктап, кар жаайт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн, 31-октябрда борбор калаада күн жылуу. Күндүз абанын температурасы +18…+20°С, жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрь, ишемби Түнкүсүн +3…+5°С, күндүз жаан жаайт, абанын температурасы +7…+9°С чейин төмөндөйт. 2-ноябрь, жекшемби Аба ырайы кайра жылуулайт: түнкүсүн +1…+3°С, күндүз +14…+16°С. 3-ноябрь, дүйшөмбү Түнкүсүн 0…+2°С, күндүз ала булут каптайт, күндүз […]Читать далее
Бишкек шаарында 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили башталат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошол күнү кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт. Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштөөдө, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр. “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканалары бардык даярдык иштерин […]Читать далее
Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын 2025-2026-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдар бакчалары, мектептер, чыгармачылык үйлөрү жана билим берүү борборлорунун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат. Ал эми Баткен облусунун билим берүү уюмдары 2022-жылдан тартып республикалык бюджет аркылуу Агартуу […]Читать далее
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин (ЧАКК) 91-отуруму өттү. Чек ара кызматынан маалымдашкандай, иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин сегиз чек ара ведомствосунун (Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан), ЧАКК Координациялоо кызматынын делегациялары, КМШнын өз ара кызматташкан органдарынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын, ШКУнун Аткаруу комитетинин Аймактык антитеррордук түзүмүнүн, Чек ара […]Читать далее
9 айда республика боюнча мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда республика боюнча ветеринардык кызматтар тарабынан мал-жандыктардын ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар […]Читать далее
Өрттү көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын 9 айында мамлекеттик жана жеке ишкердик субъектилерде жалпы 6 595 текшерүү жүргүздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул 2024-жылдын 9 айына салыштырмалуу 10 пайызга көп. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4 269 көрсөтмөлөр берилип, 588 административдик протоколдун негизинде 11 млн 790 миң 500 сом айып пул салынды. Айып пулдун көлөму 2024-жылдын тийиштүү мезгилине […]Читать далее
“Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Бажы кызматына өткөн 2 ай ичинде буга чейинки айларга салыштырмалуу 34 пайызга ишкерлерди тейлөө саны көбөйүп, сапаты да жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, ошону менен бирге киреше жагы да 17 пайызга көтөрүлгөн. “Алдыда “Бирдиктүү терезе” боюнча […]Читать далее