“Кыргызтелеком” ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштардын жүргүзүлүүсүнө байланыштуу эртең, 6-мартта саат 9.00дөн 14.00гө чейин “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет. Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана […]Читать далее
Кыргызстанда баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун [&Читать далее
Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-мартта саат 13:54тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 138 чакырым […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына “Улуттук идеология жана жаштар” деген темада лекция өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет. Онлайн форматында өткөн лекцияда Мамлекеттик катчы угуучуларга кыргыз элинин тарыхый мурасы, салт-санаасы, үрп-адаттары, ошондой эле философиясы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 4-мартта, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу жана учурдагы маселелеринин кеңири чөйрөсүн кылдат талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана даярдоо боюнча пикир алмашуу болду. Аягында маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да алдыга жылдыруу, […]Читать далее
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев “Беллегпром” концернинин төрайымы Татьяна Лугина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Анда тараптар Кыргызстан менен Беларустун жеңил өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктарын талкуулашты. Бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн элчи Эрбол Султанбаев тараптардын өз ара мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен текстиль жана тигүү өндүрүшүндө биргелешкен кызматташууну […]Читать далее
Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартууга, тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузууга болгон жоопкерчилик күчөдү. Бул тууралуу “Токтом” маалыматтык-укуктук порталы маалымдайт. Ага ылайык, 2024-жылдын 28-февралындагы №61 КР Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда адамдардын ден соолугуна айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун жана анын ичинде ысытылуучу тамеки буюмдарынан жана […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү. 21 кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштердин артыкчылыктуулугу жана күчөтүлүшү бөлүгүндө көрсөтмөсүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ички териштирүү жүргүзүлгөн. Териштирүүнүн […]Читать далее
Кыргызстандыктар 8-март (жума) Эл аралык аялдар күнүнө карата эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Мекемеден белгилешкендей, 8-март расмий дем алыш күнү болгондуктан 7-март кыскартылган иш күнү болуп белгиленген. Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен 8-9-10-март күндөрү эс алат. Андан сырткары, 21-март — Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш […]Читать далее