Кыргызстандын түштүгүндө жер силкинди

 Кыргызстандын түштүгүндө жер силкинди

Күн мурун, 31-мартта саат 06.25те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында да сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 82 чакырым түштүк-батышта Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Коргон айылында жердин силкинүүсү 3 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү кечинде саат 18.20да Кытайда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кажы-Сай айылынан 160 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген жок.

Связанный пост