“Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жакында Казакстандын аймагында жеткиликтүү болот. Бул тууралуу түз эфирде президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков билдирди. Анын айтымында, “Түндүк” Кыргызстандын жарандары үчүн бардык мамлекеттик документтердин санариптик версиясын электрондук форматта жеткиликтүү кылат. “Эгер сизди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери токтотсо, “Tүндүк” тиркемесиндеги айдоочулук күбөлүгүңүздү […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин унаа айдаганды үйрөнүүгө канча каражат төлөнөрүн билдирди. Анын айтымында, айдоочуларды даярдоо программасы 14 айга созулганына карабастан, окутуунун баасы азыркыдай эле болот. “Бардык автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин, теориялык жана практикалык окутуу программалары өзгөрөт. Бирок чоңдор үчүн курстардын баасы азыркыдай эле бойдон калат. Биз окутуунун […]Читать далее
Жеке менчик автомектептер акча алып, бирок сапаттуу билим беришпейт, – деди президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфир учурунда. Анын айтымында, көптөгөн жеке менчик автомектептер Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен келишим түзүп алып, коррупциялык схемалар боюнча иштейт. “Бул автомектептер акча берип, экзамен тапшырууга уруксат алышат. Бирок окуучулардын билими жок. […]Читать далее
Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окута турган автомектептерди түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфир учурунда билдирди. Анын айтымында, окутуунун жаңы форматы сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. “Баарын тынчтандырып, кооптонууга негиз жок экенин билдиргим келет. Эгер жарандар окууга келе […]Читать далее
Кыргызстанда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары үчүн жазаны катаалдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди. Анын айтымында, учурда мас абалында же айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочуларга жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. “Бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүгү жок 16-17 жаштагы өспүрүмдөр жол кырсыгына кабылган […]Читать далее
Кыргызстандагы бардык жеке менчик автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди. Анын айтымында, бул кызматкерлерди кыскартууга же эмгек акыны өзгөртүүгө алып келбейт. Жеке менчик билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери жумуш орундарын жана эмгек акыларын сактап калышат. “Бардык жеке менчик автомектептер мурдагыдай эле иштей берет. Бир гана айырмасы, […]Читать далее
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 2026-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга
Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев түз эфир учурунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдүн тагдыры тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 2026-жылдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырууга болот. “Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алууда айдоочулар кайрадан экзамен тапшырбайт жана эч кандай төлөм төлөнбөйт. Мунун баары акысыз жана экзаменсиз болот. Ал эми мурда 10 жылга берилген […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катардын үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайминин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Доха шаарында өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында өттү. Жолугушуу учурунда тараптар социалдык-эмгек тармагындагы өз ара кызыкчылык жараткан кеңири маселелерди талкуулашты. Алардын ичинде социалдык коргоо […]Читать далее
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары Кыргызстанга келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алууда. Социалдык фонддон билдиришкендей, жалпысынан бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 139 адамды түзөт. Алардан 96сы каралып, бир жолку төлөм төлөндү, 43 адам чечимди күтүүдө. Бир жолку төлөмдөрдүн орточо […]Читать далее
Кыргызстанда 4-5-ноябрга карата аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратылды. Синоптиктердин маалыматы боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул күндөрү айрым аймактарда жаан карга айланып, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, ал эми кээ бир жерлерде катуу жаан-чачын орун алат. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми айрым жерлерде […]Читать далее