Мүрзөдөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнүн тартиби иштелип чыгат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, эстеликтер таштан, темирден эмес, жыгачтан жасалышы керек. “Президенттин жарлыгында архитектура органдарына көрүстөндөргө кандай эстеликтерди коюу боюнча көрсөтмө берилди. Эстеликтер таштан, темирден жасалбай, жыгач конструкциядан болуусу керек. Биз жакында тартибин иштеп чыгып, […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр. Муниципапилеттин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда шаардагы турак-жайларды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды. Эске салсак, мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн башталышы керек. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук […]Читать далее
Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анда ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталарын белгиледи. “Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык жардам Афганистандын Бадахшан провинциясыдагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министрдин орун басары Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле жергиликтүү бийликтин этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп чараларын жана пландарын […]Читать далее
Жакынкы аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо процесси аяктайт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Баткен тарыхы — элдин руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди. “Кудай буйруса, жакынкы арада коңшулар менен чек ара маселесин талкуулап бүтөбүз. Мурдагыдай “кайсы жер биздики, кайсы жер башканыкы” деген нерсе болбойт. Бардыгын мыйзам чегинде чечип, […]Читать далее
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катталган саясий партиялар шайлоо эрежелерин сактоо, анын ичинде социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү боюнча партиялардын милдеттерин белгилеген меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,, Кыргызстанда 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жалпысынан 39 саясий партия катышып, 33 шаардан […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Токмок шаарында “Касиет” камволдук-жип ийрүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, фабриканын негизги өндүрүшү – трикотаж өнөр жайы үчүн таза жүндөн жана жарым жүндөн ийрилген жиптерди чыгаруу. Пландаштырылган өндүрүш кубаттуулугу жылына 1500 тонна жип болсо, чыныгы […]Читать далее
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2024-жылдын 15-17-октябрларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: 15-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад […]Читать далее
Кыргызстандын чет өлкөнүн абактарында отурган 22 жараны жана каза тапкан 10 адамдын сөөгү мекенге алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги сентябрь айындагы чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши тууралуу берген маалыматында билдирди. Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, Кытайда, Россияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Казакстанда, Өзбекстанда жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгондор Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу жашаган жери боюнча онлайн-каттоо үчүн жаңы кызматты ишке киргизгенин маалымдайт. Бул онлайн-кызмат жарандарга Калкты тейлөө борборлоруна же Калкты каттоо департаментинин региондор аралык бөлүмдөрүнө барбастан, өзүңүздү, балдарыңыздарды же башка жарандарды жашаган жери боюнча каттоого (прописка) мүмкүндүк берет. Маанилүү учур: каттоо үчүн арызды турак жайдын ээси гана бере […]Читать далее