Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Apple компаниясынын Түркия, Түштүк Африка, Катар жана КМШ боюнча мамлекеттик саясат жана өкмөт менен иштешүү боюнча жетекчиси Эсра Кёни менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар санариптештирүү жана iOS базасындагы кызматтарды киргизүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Иш-чара эски аянтта өтүп, анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине тез жардам унааларынын ачкычтарын тапшырды. Министр белгилегендей, Президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаасы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкчамдуулугун, калк […]Читать далее
Бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат. 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоого 39 партия катышууда. Шайлоого 4928 талапкер катталып, анын ичинен […]Читать далее
2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү 3 миң сом. Юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жок болгону үчүн 13 миң сом айып каралган. Маалымат үчүн: ОСАГО — […]Читать далее
Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин төрагалыгында коллегиянын отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу ведостводон маалымдашты. Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 9 айдагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, IV кварталда аткарылуучу негизги милдеттер баса белгиленди. КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев жана ӨКМге караштуу башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери, коллегия мүчөлөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар […]Читать далее
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Германиянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин GIZ) Борбор Азиядагы аймактык программаларынын директору Торстен Брецин менен жолугушту. Дүйнөлүк, аймактык жана улуттук деңгээлдеги тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын GIZ менен кызматташуусу маселелери талкууланды. GIZ өкүлдөрү өлкөдө […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Чүй облусундагы социалдык стационардык мекемелердин жылытуу мезгилине карата даярдыгын пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Министрликтин башчысы текшерүүнү Жайыл психоневрологиялык социалдык стационарынан жана Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационарына баруудан баштады. Эмгек министрлигинин системасында бардыгы болуп 17 социалдык стационардык мекеме (ССМ) иштейт, […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жол тыгыны жөнгө салынып, унаалар Ош тараптан борбор калааны көздөй өткөрүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка жана Арал постторунда унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек. Министрликке караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы жолду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. “Жаралган кырдаалга ыкчам […]Читать далее
Төө-Ашууда кардан улам тыгында калган айдоочуларга ысык тамак берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ошондой эле Сосновка жана Арал өтмөгүндө жылынуу пунктары уюштурулду. Кошумча маалымат берилет.Читать далее
Бишкек ЖЭБинде учурда 285 миң 428 тонна көмүр жана 2,917 миң тонна мазут бар экенин ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, камсыздоо графиги бүткүл күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилине ылайыкталган. Көмүрдөн тышкары мазут, газ да бар. Бардык тартылган техника нормалдуу иштеп жатат. Оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө. Өткөн суткада ишкана 4,74 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. «Бишкектеплосеть» […]Читать далее