Бишкек жана Кызыл-Кыяда көп кабаттуу 40 үй мыйзамдаштырылды
Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылдан тартып өлкөдөгү көйгөйлүү курулуш объекттерин инвентаризациялоо жана этап-этабы менен мыйзамдаштыруу иштери жигердүү жүрүүдө.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында 22-июнда Бишкек шаарындагы 38 жана Кызыл-Кыя шаарындагы 2 көп кабаттуу турак жайдын шайкештик актылары расмий түрдө тапшырылды.
“Бул үйлөр 10-15 жыл мурда курулганына карабай, курулуш компаниялары тарабынан расмий пайдаланууга берилбей келген. Тургундар батирлерин өз атына каттай албай, коммуналдык кызматтар (электр энергиясы, жылуулук ж.б.) үчүн ушул күнгө чейин кымбат, башкача айтканда коммерциялык тариф менен төлөп келишкен”, – деп айтылат маалыматта.