Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күн жүрө алат

 Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күн жүрө алат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзбекстандыктар келген соң жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Каттоону онлайн же Калкты тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырууга болот.

“Эгерде 60 күндөн ашык калуу пландалса, виза алып, каттоону узартуу зарыл”, – деп белгилешти мекемеден.

Связанный пост