ЖМКлардын жаңы реестри ишке кирип, каттоо эрежеси жаңыланды
Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жаңы реестрин ишке киргизди.
Ведомствонун маалыматына караганда, ачык базага 2 959 басылма тууралуу маалымат киргизилип, бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болду.
Эми ЖМКны каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет. Реестрге маалымат киргизүү мөөнөтү 7 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскартылды.
Уюштуруучу же ЖМКнын аталышы өзгөргөндө гана кайра каттоо талап кылынат. Башка маалыматтар өзгөрсө, 30 календардык күндүн ичинде министрликке кабарлоо зарыл.