Бул сенсиңби?: ИИМ Telegram жана WhatsAppтагы жаңы алдамчылыкты эскертти

 Бул сенсиңби?: ИИМ Telegram жана WhatsAppтагы жаңы алдамчылыкты эскертти

Ички иштер министрлиги Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу зыяндуу файлдардын таралышы боюнча жарандарга эскертүү таратты.

Алдамчылар “Бул сенсиңби?”, “Видеодогу сенби?” деген билдирүүлөр менен шектүү файлдарды жөнөтүшөт. Алар колдонуучунун кызыгуусун жаратып, файлды жүктөп алууга жана орнотууга түрткү беришет.

Мындай файлды Android түзмөгүнө орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына жана аккаунттардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат.

ИИМ жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

  • Белгисиз файлдарды жүктөп албаңыз жана орнотпоңуз.
  • Шектүү шилтемелерди ачпаңыз.
  • Файл тааныш адамдан келсе да, анын чын-төгүнүн башка жол менен тактаңыз.
  • Аккаунттарыңызды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны кошуңуз.

“Эсиңизде болсун: “Бул сенсиңби?” деген билдирүүнүн артында киберкоркунуч жашырынышы мүмкүн. Шектүү файлдарды ачпаңыз — жеке маалыматтарыңызды коргоңуз”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост