2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган эң […]Читать далее
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 6-сентябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ЖККУнун 2023-жылдын аягына чейин пландалган иш-чараларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен өтүүчү “Бузулбас боордоштук-2023” биргелешкен машыгуусуна даярдык маселелери талкууланды. Мындан тышкары, регионалдык коопсуздуктун, орун алган жана жаңы […]Читать далее
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Казакстандын Президенти куттуктоосунда Кыргызстан масштабдуу саясий реформаларды жана социалдык-экономикалык кайра курууларды пландык негизде ишке ашыруу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө, жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо жана эл аралык кадыр-баркын жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. «Казакстанда азыркы Кыргызстандын ийгиликтери зор шыктануу менен кабыл […]Читать далее
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Эгемендүүлүк
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасы заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды ийгиликтүү жеңип, социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатканын белгилеп кетүүгө кубанычтамын, бул кыргыз эли тандап алган жолдун тууралыгын тастыктайт. Биздин мамлекеттердин өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин […]Читать далее
Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов МинКаб Төргасы Акылбек Жапаровду жана кыргызстандыктарды
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин өлкө Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы менен куттуктады. “Акыркы жылдары Кыргызстан ар тараптан өнүгүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жатат. Ар тараптуу жүргүзүлгөн реформалар жана демилгелер өлкө эли жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланууда. Өзбекстан менен Кыргызстандын […]Читать далее
Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстандын
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин 31-август – Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. “Эгемендүүлүк жылдарындагы биздин элдерибиздин жалпы тарыхы Казакстан менен Кыргызстанга ийгиликтүү тажрыйба алуу үчүн кызматташуунун жана жакшы коңшулук мамилелердин моделин калыптандырууга жана бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө […]Читать далее
Кыргызстан менен Казакстандын Ички иштер министрлери кызматташууну бекемдөө жөнүндө Меморандумга
2023-жылдын 24-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жетекчилер ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту […]Читать далее
Кыргызстанга Казакстандын Коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация
2023-жылдын 22-августунда Кыргызстанга Казак Республикасынын Коргоо министри генерал-полковник Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди. Иш сапардын алкагында Казакстандын делегациясы Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту, андан кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Хэнань провинциясынын Чжунмоу уездинин жана Чжэнчжоу шаарынын (КЭР) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н.Баясов Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер, кыргыз-кытай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын келечектүү багыттары, ошондой эле, өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Чжэнчжоу шаарынын вице-мэри […]Читать далее
Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Дипломатиялык миссиянын ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Буга чейин Мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси кылып дайындаган. Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, […]Читать далее