Кыргызстанга Казакстандын Коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди

 Кыргызстанга Казакстандын Коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди

2023-жылдын 22-августунда Кыргызстанга Казак Республикасынын Коргоо министри генерал-полковник Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди.

Иш сапардын алкагында Казакстандын делегациясы Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту, андан кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин, ушул багыттагы Кыргызстан менен Казакстандын мындан аркы биргелешкен иштерин талкуулашты.

«Аскердик чөйрөдөгү кызматташуу жааты бул өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Боордош Казак Республикасы туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналат»,- деп баса белгиледи Кыргызстандын Коргоо министри Б. Бекболотов.

Өз кезегинде Казакстандын Коргоо министри генерал-полковник Р. Жаксылыков жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, боордош эки мамлекеттин аскердик тармактагы кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп кетти.

Иш сапардын программасына ылайык Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары ошонун ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы генерал-лейтенант Марат Иманкулов менен жолугушту, ошондой эле С. Чокморов айылында жайгашкан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексин көрүштү.

Мындан тышкары, Казак Республикасынын аскердик делегациясы Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн «Эрдик» биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун активдүү фазасына катышат жана бир катар аскердик объектилер менен таанышат.

 

Маалымат: Кыргызстан менен Казакстандын коргоо ведомстволору аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында 1992-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатышат.

Азыркы убакта, Казак Республикасынын аскердик окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо кызматташуунун динамикалык багыты болуп келет.

Айта кетсек, 1998-жылдан ушул убакытка чейин Казакстандын ар кайсыл аскердик окуу жайларында үч жүздөн ашуун аскер адистери даярдалган.

Бүгүнкү күндө кырктан ашуун аскер кызматчылары билим алышууда.

Связанный пост