15-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногуна жалпысынан 81,5 млн доллар сатты. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, бул сумманын 53 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнгө карата эсептешүү менен, ал эми 28,5 млн доллары башка күнгө карата эсептешүү менен сатылган. Бул 2025-жылдын башынан бери жөнгө салуучу органдын төртүнчү валюталык интервенциясы. Эске салсак, буга чейин Улуттук […]Читать далее
Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, салык мыйзамдарынын жаңы ченемдери бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Документке ылайык төмөнкүлөр бекитилген: – соода ишмердүүлүгү үчүн патенттин негизги салык суммасы; – өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын ставкалары; – өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу базарлардын жана кичи базарлардын реестри. Тактап айтканда, базарларда жана кичи базарларда, […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын январь-август айларында бажы төлөмдөрүнүн планын ашыкча аткарды. Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 86 млрд сом болсо, иш жүзүндө 88 млрд сом чогултулду, план 102,4%га аткарылды. Бул көрсөткүч пландан 2 млрд сомго көп. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 7,7 млрд сомго (80,3 млрд. сомдон 88,0 млрд сомго чейин) көбөйүп, өсүү темпи 109,6%ды түздү. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 4,7 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 3 пайызга жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – […]Читать далее
Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 678,4 миң га аянтынын 478,8 миң гектары жыйналды, бул 70,6 % пайызды түзөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн (467,9 миң га) бир аз ашык. Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк 26,2 ц/га түзүүдө. Жашылча жыйноо (жалпы 56,6 миң га) иштери 39,3 миң […]Читать далее
2025-жылдын январь-июль айларында эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы 42 миң 522 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 20,4%пайызга жогорулады. “Эң чоң өсүш кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, мейманкана жана ресторан бизнеси, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, […]Читать далее
2025-жылдын январь-июль айларында тышкы жана өз ара сооданын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда экспорттук жеткирүүлөрдүн 13,3%га жана импорттук түшүүлөрдүн 4,8%га төмөндөшү менен шартталган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Ошондой эле ал белгилегендей, соода жүгүртүүдө экспорт 17,2%ды, импорт 82,8%ды түздү. Алсак, 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстан менен […]Читать далее
Өлкөдө 2025-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 трлн 42,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, ИДП 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га өскөн. “ИДПдагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 50,8%ды, товардык өндүрүш тармактары – 33,4%ды, продукцияга салыктар – 16%ды, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-август айларында 190 млрд 52,3 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 105,2% га, тактап айтканда 9 млрд 328 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 51 млрд 125,7 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 136,8% ды түздү. Анын […]Читать далее
Кыргызстанда 18-сентябрдан тарта сүт азыктарын сатуунун жаңы эрежелери күчүнө кирет: сүт жана сүттү камтыган азыктар өзүнчө сакталып, өзүнчө сатылышы керек. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 346 токтомуна ылайык, өкмөттүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр […]Читать далее