2025-жылдын 26-июнуна карата “Айыл чарбасын каржылоо – 13” долбоорунун алкагында 3 млрд 522,11 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жаңилдетилген насыяны республиканын 5 662 айылдык товар өндүрүүчүсү алды. Анын ичинде: “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 млрд 869,61 млн сом суммасында 4 665 субъект; “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 429,81 млн сом суммасында 877 […]Читать далее
Алты айда Кыргызстандын 28 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошнетип, Кыргызстандын ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген ишканаларынын жалпы саны 462ге жетти. ЕАЭБдин талаптарына жооп берген бул ишканалардын арасында сүт, эт, балык, бал, канаттуу жана башка мал чарба азыктарын өндүрүп, кайра иштетүү […]Читать далее
Кыргызстан менен Кореянын ортосунда 46 млн долларлык инвестициялык меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматташтуу тууралуу меморандум “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому менен Кореянын DOD компаниясынын ортосунда түзүлдү. Меморандумга ылайык, көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси курулат. Максаты эт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана […]Читать далее
Финансы министрлигинде Кыргызстандын министрлер кабинети, Япония өкмөтү жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү. Финансы министрлигинен билдиришкендей, документтер саламаттык сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталып, долбоорлордун суммасы 900 млн иенди түзөт. Кол коюлган документтер төмөнкү багыттарды камтыйт: Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (500 млн иен): медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн […]Читать далее
Бизде алтындын 52 тонна кору бар, – деди Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев парламенттин жыйынында. Депутат Дастан Жумабеков 52 тонна алтын акчалай эсептегенде 3 млрд 700 млн долларды түзөрүн белгиледи. “Бул чындыгында өлкөнүн бюджетинен көп жана жакшы көрсөткүч. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто алтындын баасы кымбат, бирок төмөндөп кетиши мүмкүн. Сиз кандай ойлойсуз, алтынды валютага айлантып, […]Читать далее
“Ишкердикти өнүктүрүү микрокредиттик компаниясы” ААК уставдык капиталын толуктоо үчүн 500 млн сом алды. Ведомстводон маалымдашкандай, каражат президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайда жылдык 8% менен ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан бөлүндү. Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Программанын максаты – ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаңы […]Читать далее
2025-жылдын 16-июнуна карата ОСАГО боюнча 113 жаран компенсация алып, анын жалпы суммасы 10 млн 262 миң 913 сомду түздү. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын жыйынтыгы менен автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полистери боюнча 48 жаранга 4 млн 320 миң 153 сом суммада төлөмдөр жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, ОСАГО боюнча төлөмдөр […]Читать далее
Кыргызстанда өнөр жай боюнча 5 айдын жыйынтыгында өлкөдө 258 млрд сомго продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын башкы адиси Талантбек Карасартов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн темпи 113,8 пайызга өстү. “Биринчиден, фармацевтика тармагы 1,7 пайызга өсүү темпин көрсөттү. Экинчиден, тамак-аш азыктары 1,6 […]Читать далее
Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоор” ишке кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча улук адиси Кристофер Финч, Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) аткаруучу директору Марс Наспеков, ошондой эле негизги мамлекеттик органдардын жана […]Читать далее
Бишкек – Ош жолунун 400-чакырымындагы туннелдин курулушун баштоонун расмий аземи 19-июнда болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Негизги эл аралык жолдорду жакшыртуу” кредиттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. 750 метр узундуктагы туннелдин курулушу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген стратегиялык автожолдун коопсуздугун жогорулатуу үчүн маанилүү инженердик […]Читать далее