2024-жылдын I жарым жылдыгында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешеси 458 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24%га өстү. Улуттук статистикалык комитети маалымдагандай, керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 2024-жылдын I жарым жылдыгында жалпысынан республика боюнча 435,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 18%га өстү. Милдеттүү […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСнин №1-гидроагрегаты ишке киргизүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтогул ГЭСинин №1-гидроагрегатынын реконструкциялоо иши ийгиликтүү аяктап, кубаттуулук 60 МВтка көбөйдү. Токтогул ГЭСинин №1-гидроагрегатын реконструкциялоо иши 2024-жылдын март айында башталып, реконструкция жана жаңылоо долбоорун GE Hydro компаниясы ишке ашырды. Министр Ибраев гидроагрегатты реконструкциялоо оңой иш эмес экенин баса […]Читать далее
Өлкөдө транспорттук көзөмөл жүргүзүүдөн 97,6 млн сом чегерилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 10 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 577 миң 500 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 790 протокол түзүлдү. Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт […]Читать далее
Кыргызстандын өсүмдүк майы менен камсыздалышы 5%дан 30%га чейин өстү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Күн мурун Айыл чарба министрлиги менен өсүмдүк майы кластеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Белгиленгендей, бул меморандум менен тараптар азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, өсүмдүк майынын контрабандасына жана контрафактылык продукцияларына каршы күрөшүүгө, ошондой эле […]Читать далее
Кыргызстан 9 айда дээрлик 4,5 млн долларга сыр экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 9 айында экспорт 1 525,5 тонна, же 4 млн 417,1 миң долларды түздү. Кыргызстанда бүгүнкү күндө бир нече сыр заводдору иштейт. 1 кг сыр өндүрүү үчүн 13 литрден 20 литрге […]Читать далее
Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 14-ноябрга карата 10 миң 609 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыялоонун жалпы көлөмү 4 млрд 214 млн 630 миң сомду түздү. Ошентип, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 468 млн 140 миң сомго 1 413 насыя берилди, […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук банкы 14-ноябрда валюта рыногуна 68,65 млн доллар сатты. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, анын ичинен 39,7 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 28,95 млн доллары бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүү менен сатылган. Бул бир айдагы экинчи интервенция болду, буга чейин Улуттук банк 5-ноябрда валюта рыногуна 62,4 […]Читать далее
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 717 тоннага же 2,1 пайызга эт көбүрөөк […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн. Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору бар. Анын ичинен эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан.Читать далее
Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл кант кызылчасынын түшүмү 900 миң тоннага жетээри болжолдонууда. Бул 120 миң тонна ак кантты өндүрүүгө мүмкүндүк берет. “Өлкөдө быйылкыдай түшүмдүн көлөмү акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч […]Читать далее