Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-июлунда 8,8 млрд доллары түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 4,7 пайызга көп. Мында экспорттук берүүлөр 3,7 пайызга төмөндөп, ошол эле учурда импорттук түшүүлөр тескерисинче 6,7 пайызга көбөйгөн. “Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-август айларында 3 млрд 199,2 млн сом мүлк салыгын чогултту. Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 379,4 млн сомго көп. Бул сумманын 845,7 млн сомун кыймылдуу мүлк салыгы түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79,5 млн сомго көп. План 4,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча план […]Читать далее
КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, Талас облусуна 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 24,7 млн сом суммасында 19 долбоор каржыланды. Талас району 4 объектисине 4,3 млн сом; Манас району 5 объектисине 5,3 млн сом; Айтматов району 1 объектисине 1,8 млн сом; Бакай-Ата району 5 объектисине 10,3 млн сом; Талас шаары 4 объектисине […]Читать далее
2024-жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 798 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өскөн. “2024-жылдын январь-августунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 330 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7%га өскөн. Мындай […]Читать далее
21-августка карата Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резерви 4,1 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банкттын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери бул көрсөткүч 26%га өскөн. “Бул резервдер – биздин финансылык колдообуз. Алардын өсүшү экономиканын туруксуздугунун ыктымалдыгын азайтып, улуттук валютанын девальвацияланышын алдын алып, инфляциянын тез өсүшүнө жол бербейт. Алар Кыргызстандын эл аралык […]Читать далее
5-сентябрга карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү: Анын ичинде: мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8 мин 301 субъектке; өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 424 млн сомго […]Читать далее
Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азык-түлүктүн баасы арзан. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 4-сентябрга карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөрдө азык-түлүк продуктыларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторингдин жыйынтыгында белгилүү болду. Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларында азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 13,59%га жана Россиядан 16,17% га […]Читать далее
Кыргызстан Гонконгдогу эл аралык көргөзмөдө ата мекендик продукцияларды тартуулайт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. “Кыргыз Экспорт” экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү Борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Гонконгдо өткөн эл аралык “ASIA FRUIT LOGISTICA” көргөзмөсүндө ата мекендик продукцияны сыймыктануу менен тартуулайт. 4-сентябрдан 6-сентябрга чейин […]Читать далее
Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 30,6 млн сом суммасында 34 долбоор бекитилди. Аламудун району району 1 объектисине 0,6 млн сом; Сокулук району 7 объектисине 5,8 млн сом; Москва району 1 объектисине 2,4 млн сом; Чуй району 3 объектисине 4,0 млн сом; Ысык-Ата району 6 объектисине 5,8 млн сом; […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук банкы 5-сентябрда тескери интервенция жасап, валюта рыногунан 22,5 млн доллар сатып алды. Бул тууралуу каржылык жөнгө салуучу органдын сайтында маалымдалат. Ошентип, Улуттук банк бүтүмдүн датасы боюнча эсептешүүлөр менен 1,5 млн доллар жана бүтүмдүн датасынан башка күнү 21 млн доллар сатып алган. Эскерте кетсек, 6-сентябрга карата доллардын курсу 84,23 сомду түзүүдө.Читать далее