Кыргызстандын жана Афганистандын бизнес-коомчулуктарынын ортосунда ишкердик жолугушуу болуп өттү, деп билдирет КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы. Жолугушуу 25-январда Афганистандын Соода-инвестициялык палатасынын аянтында өтүп, анын жүрүшүндө экономикалык маселелерге жана бул өлкөлөрдүн бизнес чөйрөсүнүн өз ара аракеттенүү потенциалына басым жасалды. Ооганстандын соода-өнөр жай палатасынын башчысынын милдетин аткаруучу Мохаммад Юсуф Моманд эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун […]Читать далее
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Афганистанга барды. Министрликтен билдиришкендей, 24-январдан 27-январга чейин Маил Алияскаров менен Афганистан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн жолугушуулары болду. Алсак, Афганистандын премьер-министринин биринчи орун басары Абдул Гани Барадар жана Афганистандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. МСКдан билдиришкендей, белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41,3 млрд сомго көп жыйналды. Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16,5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. “Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, […]Читать далее
2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Индия Республикасынан гранттык жардам көрсөтүү боюнча […]Читать далее
Экономикалык кырдаалды турукташтыруу үчүн 2026-жылга чейин КР бизнести өнүктүрүү программасы
2024 жылдын 22 январында “Кабар” агенттигинде КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2023-жылы өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту сактоо, өнүктүрүү жана жигердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча маалымат берди. Анын айтымында, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн: – жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө, коомдун керектөөлөрүн камсыздоого, экономикалык коопсуздукка, айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны […]Читать далее
2023-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 228,9 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 106,2 %ды түздү (2022-жылдын январь-декабрь айларында – 109,0%). Жетишилген көрсөткүч өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча максаттуу аракеттердин натыйжасы болуп саналат. […]Читать далее
Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук банк менен биргеликте 2024-жылы инфляцияны төмөндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. “Инфляция 14%дан 7%га төмөндөдү. 2024-жылы Улуттук банк менен бирдикте аны болжол менен 5-7% чейин төмөндөтүүнү улантууну пландап жатабыз”, – деди ал. Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын […]Читать далее
2023-жылдын аягына карата ИДП жан башына 2 миң доллардытүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылга карата экономикалык көрсөткүчтөр жаңы ыкмалар боюнча кайра каралып, анын жыйынтыгында өсүү темпинин көрсөткүчү өскөн. Андан кийин 2023-жылга карата эмес такталды. Ошентип, экономиканын өсүү темпинин өзгөрүшү продукцияга таза […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен унаа чыгаруучу завод куруу жөнүндө келишими ишке ашып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, аталган заводдо быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында алгачкы унаалар чыгарыла баштайт. “Барыбызга белгилүү болгондой завод куруу үчүн Сокулук районунан жер бөлүнүп берилген. Азыркы учурда заводду […]Читать далее
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркиянын казына жана каржы министринин орун басары, Түркиянын EXIMBANK төрагасы Осман Челик менен жолугушту. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жана тыгыз соода тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн […]Читать далее