Быйыл Кыргызстан боюнча 800 млн сом 332 долбоор дем берүүчү гранттардын эсебинен бекитилди. Алар: – Баткен облусу боюнча 83,0 млн сом суммасында 30 долбоор бекитилди; – Жалал-Абад облусу боюнча 198,3 млн сом суммасында 74 долбоор бекитилди; – Нарын облусу боюнча 106,5 млн сом суммасында 40 долбоор бекитилди; – Ош облусу боюнча 168,8 млн сом суммасында […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Лондонго болгон жумушчу сапарынын алкагында 1881-жылы негизделген жана борбордогу тармактык жана соода-сатык иштерин жүргүзүү менен алектенген эң ири көз карандысыз жана бизнести колдоо уюм болгон Соода-өнөр жай палатасына барды. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Эки тарап мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Лондондун […]Читать далее
Италиялык делегация Кыргызстанда Соода-өнөр жай палатасын түзүүнү жана жергиликтүү ЖОЖдор менен кызматташууну сунуштайт. Бул тууралуу КРнын СӨП басма сөз кызматы билдирди. Соода-өнөр жай палатасына Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Таалабек Базарбаев жана ардактуу консул Кастильо Антонио баштаган делегация келди. Ошондой эле айыл чарба, текстиль, курулуш, кайра жаралуучу энергияны өндүрүү жана башка тармактарда адистешкен […]Читать далее
«Манас» эл аралык» ААК акыркы 5 жыл ичинде 4 млрд 806 миллион 573 миң сом суммада Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктарды жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Анын ичинен 2022-жылы компания казынаны 1 миллиард 343 миллион 667 миң сомго толуктаган.Читать далее
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Президенттик Администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди. “Kумтөр Голд Компани” ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 кг алтын […]Читать далее
Дүйнөлүк банк – 1990-жылдан 2022-жылга чейинки Кыргызстандын экономикалык өсүү темпинин көрсөткүчүн жарыялады. Анда, кайсы мезгилдерде ички дүң продукциясынын жогорулаганы тууралы маалыматтар салыштырылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды. Маалыматка ылайык, 1990-2005-жылдар аралыгында ички дүң продукциясы төмөндөп, көрсөткүчтөр началарлап кеткен. Тактап айтканда ички дүң продукциянын көрсөткүчү адам башына бөлгөндө […]Читать далее
2023-жылдын 23-24-апрелинде Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун Аткаруучу директору Султан Аль-Маршаддын ортосунда “Турак жайды каржылоо” жана «Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзгөн эки […]Читать далее
КРнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2023-жылга республикалык бюджеттен 18,7 млрд сом каралган. Анын ичинен: -2,3 млрд – учурдагы бюджеттик каражаттар; -1 млрд – “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган каражаттар; -12,2 млрд сом – «мамлекеттик инвестициялар» линиясы боюнча каралган каражаттар; -3,2 млрд сом – Жол фондунун болжолдонгон кирешеси. 2023 жылдын биринчи кварталынын […]Читать далее
Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Расмий ачылышка Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты. Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге […]Читать далее
КР Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлигине негизги иш-чараларга төмөнкүлөрдү бөлүп берүү пландаштырылууда: – “мамлекеттик инвестициялар” беренеси боюнча – 4,5 млрд сом; – “капиталдык салымдар” беренеси боюнча – 3,3 млрд сом; – учурдагы бюджет жана атайын эсептердин каражаттары боюнча – 3,9 млрд сом, анын ичинен негизги иш-чараларга: Ошондой эле, 2023-жылга КР Айыл чарба министрлиги тарабынан […]Читать далее