Мамкызматкерлер үчүн Check-up: Бишкекте жаңы пилоттук долбоор башталды
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Пилоттук долбоор президенттин 2026-жылдын 12-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда.
Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган.
Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2026-жылдын октябрь айынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Программада текшерүүнүн бир нече топтому каралган. Алардын катарына базалык, терапиялык, ошондой эле ар кандай курактагы эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө топтомдор кирет.
Тандалган топтомго жараша медициналык текшерүү дарыгерлердин консультацияларын, лабораториялык анализдерди, аспаптык изилдөөлөрдү жана ден соолуктун негизги көрсөткүчтөрүн баалоону камтыйт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк дарыгер корутунду чыгарып, ден соолук тобун аныктайт жана зарыл болгон учурда мындан аркы медициналык көзөмөлдүн тартибин сунуштайт.
Медициналык текшерүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өздөрүнө ылайыктуу топтомду өз алдынча тандап, анын акысын төлөшөт. Пилоттук долбоордун алкагында текшерүү топтомдорунун баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин түзөт.
“Check-up текшерүүсүнөн өтүү үчүн № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун каттоо бөлүмүнө кайрылып, профилактикалык медициналык текшерүүдөн өтүүгө келгенин билдирүү зарыл. Медицина кызматкерлери катышуучуларга багыт берип, белгиленген алгоритмге ылайык тиешелүү кабинеттерге жөнөтүшөт”, – деп айтылат маалыматта.
Долбоор аяктагандан кийин анын жыйынтыктарына, иш жүзүндөгү чыгымдарга жана текшерүүлөрдү уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүү пландалууда. Алынган маалыматтардын негизинде сheck-up текшерүү топтомдору үчүн бирдиктүү прейскурантты түзүү жана профилактикалык медициналык текшерүүлөрдүн моделин мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар даярдалат.