29-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн, жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлорунун, окумуштууларынын оффлайн жана онлайн форматында катышуусунда “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” аттуу тегерек стол өттү. Тегерек столдо республикада 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнүн келечеги, бул системанын кесиптик билим берүүгө тийгизген таасири, он эки жылдык […]Читать далее
Бүгүн, 26-мартта Бишкекте өткөн тегерек столдо буга чейин иштелип чыгып, апробациядан өткөн Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук инструмент талкууланды. Тегерек столдо улуттук инструменттин материалдары талкууланып, изилдөөнү өткөрүү боюнча мындан кийинки кадамдар пландалды. Долбоордун консультанттары баланын эрте өнүгүүсүн баалоо куралынын бардык структуралык түзүмдөрүн презентацияды: БЭӨБ боюнча матрица, балдардын өнүгүү картасы, балдардын өнүгүү картасын […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мектептерге 12 жылдык билим берүү системасы кандайча киргизиле турганын айтып берди. Анын айтымында, интеграция акырындык менен болот: “Балдарга ашыкча жүк болбошу үчүн бул системаны акырындык менен киргизебиз. Бул боюнча биз көп жылдардан бери иштеп келе жатабыз. Бул бир нече жылдан бери пландалып […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында эл аралык донорлор Кыргызстанга 12 жылдык билим берүү системасын таңуулап жатат деген кептерди төгүндөдү. Министр бул маалыматтар чындыкка дал келбей тургандаган баса белгиледи. “Андай эч нерсе жок. Кыргызстандын билим берүү эгемендиги бар жана бизге эч ким өз оюн таңуулай албайт. […]Читать далее
Баланын эрте өнүгүүсүн комплекстүү өлчөө инструменти 2024-жылдын башында апробациядан өткөрүлүп, ага Кыргызстандагы 368 бала бакча катышты. Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, тарбиячылар үчүн онлайн жыйындар уюштурулуп, анкетаны толтуруу боюнча кыскача нускама берилди. Апробация анкетадагы суроолордун негиздүүлүгүн текшерүү үчүн өткөрүлдү. 368 бакчанын тарбиячылары 4 жаштан 6 жашка чейинки 736 бала үчүн анкета толтурушту (ар бир […]Читать далее
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине этабы менен өтмөй болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында маалым болду. Отурумдун күн тартибине 10дон ашык маселе киргизилген. Дүйнөлүк коомчулукта кабыл алынган билим берүү тенденцияларын жана жалпы билим берүү системасында окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» […]Читать далее
Бүгүн, 13-мартта, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир менен жолугушту. Жолугушууда тараптар 2024-жылдын 8-февралында Анкара шаарында КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдында алдыңкы […]Читать далее
Кыргызстанда окуучулардын жазгы эс алуусу 11 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Тагыраагы, каникул 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат. Эскерте кетсек, кийинки жума кыргызстандыктар үчүн 21-марттан 24-мартка чейин узак эс алуу күндөрү болмокчу.Читать далее
Кыргызстан 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, изилдөө онлайн жана офлайн негизде өтөт. Азыркы учурда Кыргызстан изилдөөгө онлайн катышууга толук шарттар барбы деген маселенин үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. […]Читать далее
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн министрликтин коллегиялык жыйналышында 2024-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүнүн 7 приоритеттүү багыты менен тааныштырды. 1-багыт: Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү. Максат: 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү менен 40% камтуу. 2-багыт: Мектептик билим берүүнүн, анын ичинде окуу китептерин басып чыгаруунун сапатын […]Читать далее