Бүгүн, 10-майда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги балдар бакчаларын ачууну каалаган айымдарды окутуунун биринчи этабы башталды. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорундагы мектептерде өтүп жаткан окутууга 100гө жакын айым катышууда. Алар “Мектепке чейинки […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда баштала тургандыгын маалымдайт. Тагыраагы, төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт: I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү); II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү); III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – жүйөлүү […]Читать далее
Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору артыкчылык аттестатына талапкерлер үчүн “Алтын-Тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрдү. Тестирлөөгө республика боюнча 2042 талапкер катышуу үчүн билдирүү берсе, анын ичинен 1951 талапкер сынакка катышты. 91 талапкер келген эмес. Баткен облусу – 131 Бишкек шаары – 342 Жалал-Абад облусу – 326 Нарын облусу – 126 Ош шаары […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 47 миң 491 бала кабыл алынгандыгын маалымдайт. Анын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Бишкек шаарында – 4 миң 819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен). Жалал-Абад облусунда […]Читать далее
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мектептин курулушуна капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, Президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча […]Читать далее
№8 орто мектептин базасында «Кесиптерди алмаштыруу» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Окуучулардын ата-энелерине бир күндүк предметтер боюнча сабак өтүү сунушталды. Ата-энелер кыргыз тили, кыргыз адабияты, математика, табият таануу, физика, биология сыяктуу предметтер боюнча сабак өтүштү. Мугалимдер өз кезегинде пландарды түзүүгө жардам беришти. Ата-энелер кылдат даярданышып, сабакты кызыктуу өткөрүүгө аракет […]Читать далее
18-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2023-2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмесин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду. 2023-2024-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу үчүн 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнөт. Азыркы учурда республикада 154 кесиптик орто окуу жайлар бар, алардын ичинен […]Читать далее
Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Байзак айылындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Аалы Муканов атындагы №15 Санташ жалпы орто билим берүү мектеби пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ж.б. катышты. Айгүл Жапарова аталган билим уясын бүтүргөн мезгил өлкө эгемендүүлүккө жетишкен жылдарга туура келерин билдирди. “Мугалимдердин […]Читать далее
Ош шаарындагы N 27 партсъезд атындагы орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны бүтүп калган. Жумуш кызуу жүрүүдө. Белгиленген планга ылайык имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.Читать далее
Бүгүн, 14-апрелде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк семинар башталды. Окутуунун жүрүшүндө “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “мектептин өнүгүү планы” “инвестицияларды тартуу боюнча мектептин иш тажрыйбасынан” темаларында презентациялар жасалат. Мындан сырткары катышуучулар “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, […]Читать далее