Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын облустук этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Облустук кароо сынак Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулуп, Ош облусунун райондорунан жалпысы 15 мугалим катышып, жободо көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ат салышып, жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланышты. “Жылдын мыкты мугалими – 2023” кароо сынагынын облустук этабынын жыйынтыгын чыгаруу […]Читать далее
Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты. Кыргызстан командасы: Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль; Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” […]Читать далее
Бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аттуу республикалык жаштар форумуна катышты. Министр Каныбек Иманалиев ааламдашуу доорунда жаштардын маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсү учурдун талабы экендигин белгиледи. “Ар бир кыргызстандык кыргыздын тарыхын, санжырасын, тилин билүүсү – улуттук […]Читать далее
Окуу жылынын аякташына байланыштуу борбор калаанын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү райондордун акимдери куттукташты. №33 гимназияда өткөн салтанатка Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков катышты. Ал бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин бүгүнкү маанилүү күн менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга алдыдагы экзамендерди ийгиликтүү тапшырууну каалады. Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №68 мектепте болуп, бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдер жамаатын […]Читать далее
Бүгүн, 25-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Эстониянын эксперттери менен билим берүү жана окуучулардын билимин баалоо тармагында санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен таанышуу боюнча жолугушууга катышты. Эстония Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тоомас Тирс жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоордук менеджери Анна Силем саламдашуу сөзүн сүйлөдү. “Биздин өлкө 2025-жылы […]Читать далее
Калаа башчы Эрмат Джумаев бүгүн, 25-майда Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектеби жана Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинин “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Шаар башчысы өз сөзүндө окуучуларга билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, аларды тарбиялоодо жана окутууда кошкон салымы үчүн мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана иштерине зор ийгиликтерди каалады. […]Читать далее
Ош облусунда 552 билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Камилжан Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясындагы салтанатка катышты. Бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды, мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, облус башчысы Эльчибек […]Читать далее
25-май – “Акыркы коңгуроо” күнүндө Жалал-Абад шаарынын аймагында бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдады. Тагыраагы,бүтүрүүчүлөрдүн жеңил автоунаалардын коштоосундагы жүрүштөрдү уюштуруусуна, ата-энелердин катышуусу менен же өздөрүнчө кафе-ресторандарда, оюн-зоок жайларында, жаратылышта кечелерди өткөрүүгө жана ата-энелердин мыйзамсыз […]Читать далее
Нарын шаарындагы 8 орто мектептен 11-классты 427, 9-классты 746 окуучу ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн баардык орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаттары уюштурулуп, бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектер айтылды. Ошондой эле окуу жылынын аякташы менен алдыңкы окуучуларга жана коомдук иштерге жигердүү катышкан, ар кандай кароо саныктан ийгилик жараткан, жалпы 80 окуучуга […]Читать далее