1-сентябрдан тартып мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын маяналары 50%га жогорулайт

 1-сентябрдан тартып мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын маяналары 50%га жогорулайт

2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мугалимдердин жана мугалимдердин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен Билим берүү системасынын кызматкерлеринин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды.

Билим берүү уюмдарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын эмгек акысын жогорулатуу үчүн жылына 558 ​​млн сом, 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта 186 млн сом талап кылынат.

Натыйжада, 1-сентябрдан тарта Ысык-Көл облуснун айылдарынын бириндеги 100-600 окуучу билим алган мектептин 13 жылдан ашык эмгек стажы бар директору мурда 19143 сом айлык акы алса, эми 28715 сом маяна алат. Ал эми 13 жылдан ашык стажысы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан баштап айлык акы жогорулатылганга чейин 17413 сом алса, мындан ары 26120 сом маяна алат.

Өзгөн районундагы 1800дөн ашык окуучусу бар айылдык мектептин биринде 15 жылдан ашык эмгектенген мекептин директору айлык жогорулатылганга чейин 23 731 сом алса, эми 35 597 сом маяна акы алат. Ал эми 15 жылдан ашык стажы бар бул мектептин директорунун орун басары 1-сентябрдан тарта мурда төлөнүп келген 21360 сомдун ордуна 32040 сом маяна акы алмакчы.

Связанный пост