Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек. Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй […]Читать далее
Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылында 40 билим берүү мекемесинин имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди. Анын айтымында, анын 27си мектеп болсо, 13ү бала бакча. Белгилей кетсек, 2024-жылы 100дөн ашуун социалдык мааниге ээ объектилерди ишке киргизүү пландалууда.Читать далее
Быйыл 1-сентябрь дем алыш күнүнө туура келгендиктен жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт. Булак “Кабар” агенттигиЧитать далее
Кыргызстанда бүгүн, 12-августта 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун акыркы V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 14-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.Читать далее
Кыргызстанда азыркы тапта 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Учурда катталган жерине карабастан, бош орундары бар мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоо жүрүүдө. Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр https://mektep.edu.gov.kg/ маалыматтык системасы аркылуу мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттоо үчүн өтүнмө жибере алышат. Электрондук […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги акыркы эки жылда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалимдин кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты. Окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт. Тренингдер гибрддик форматта – оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат: • “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча – 36 миң […]Читать далее
Кыргызстанда 3-июндан 30-августка чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына балдарды электрондук каттоонун II этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Экинчи этапта каттоо катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектепке жүргүзүлөт. Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча mektep.edu.gov.kg маалыматтык система […]Читать далее
Кыргызстанда бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – […]Читать далее
Кыргызстанда 2 377 мектепте 1 млн 491 миң бала билим алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 204ү жеке менчик мектеп болуп саналат. “Жыл башынан бери мектептердин саны 27ге көбөйгөн. Эгерде мындан 10 жыл мурда […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери бала бакчалардын саны 78ге көбөйдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Кендирбаеванын айтымында, учурда өлкө боюнча 1 912 бала бакча бар, анын ичинен 1 638 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, ал эми 274ү жеке менчик бала бакча болуп саналат. Мында жалпы […]Читать далее