Жайыт жеринин кыртышынын асылдуу катмарын бузгандарга айып салынат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жеке ишкер жайыт жеринин кыртышынын асылдуу катмарын бузгандыгы аныкталган. Бул боюнча 2023-жылдын 21-январындагы №25 Токтому менен бекитилген “Жерлерди бузгандыгы үчүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев “Кара-Жыгач” айылынын жана “Өскөн-Ордо”, “Салкын-Төр” конуштарынын жашоочуларына кызыл китептерди тапшырды. “Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, жогорудагы үч жаңы конуштун 1000ден ашык тургундары жерге болгон жеке менчик укугун тастыктоочу кызыл китептерин алышты. Жергиликтүү жашоочулар бул күндү көптөн бери күтүп […]Читать далее
Эки жылдын ичинде Чүй облусундагы 1217 үй-бүлө чакан бизнес ачты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруу боюнча окутуунун алкагында билдирди. Анын айтымында, бул үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон берилген. “Бүгүнкү күндө программага катышкан 5,8 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрү жашоосун жакшыртууга […]Читать далее
Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар. Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү. Белгилей кетсек, кечээ, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына […]Читать далее
10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. “Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү “Чайна-Роуд” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы […]Читать далее
Бүгүн Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап “Бакыт” медициналык борбору ишке берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде гилас өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен жумушчу жолугушуу өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында гиласты өстүрүү, түшүм жыйноо, калибрдөө, ташуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо чаралары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында быйылкы жылы Кыргызстандан Кытайга 10 миң тоннага чейин гиласты экспорттоо пландалып жатканы айтылды.Читать далее
Баткенде жаштар кооператив түзүп, 10 гектар жерге кулпунай өстүрүштү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы кулпунай өстүргөн кооперативдин ишмердүүлүгү менен таанышты. “Клубмалина” Жаңы-Жер айыл чарба кооперативине учурда 28 адам мүчө. Алар дүйнөлүк рынок талап кылган […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустун мусулмандарынын казысы жана район шаарлардын баш- имам хатибдери менен кеңешме өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты. Жыйында үч маселе каралды. Алар, -Диний экстримизм жана терроризмдин алдын алуу -Жугуштуу ооруларга […]Читать далее
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет. Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп […]Читать далее