Кыргызстанда 2019-жылдан тартып айылдык кеңештерге шайлоолордо аял-талапкерлер үчүн ар бир округда мандаттардын 30% кем эмесин резервдѳѳ каралган. Бул тууралуу КР БШК маалымат бѳлүмү билдирди. Мындай атайын чара Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзамдык деңгээлде аялдардын саясатка тең укуктуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2021-жылы айылдык кеңештерди шайлоодо мындай чараларды массалык колдонуу […]Читать далее
Ош облусунан 1,5 миң түп жашыл арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип отургузулуп баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ош облусунун Кара Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң түп көчөттөру алынып келинип, бүгүн шаардын 64 аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузуу иштери башталды. Көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка […]Читать далее
2022-жылдын 31-мартында «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталган. Курулуш иштерине мындан туура бир жыл мурун Президент Садыр Жапаров старт берген. Өткөн жылы пландалган 5 чакырым темир жол курулуп бүткөн. Учурда “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери жанданды. Курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган. 2023-жылы 15 […]Читать далее
КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 116 731,8 миң сом каралат. Алар: – Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом; – Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом; – ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом; – Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – […]Читать далее
КР ӨКМнин пресс-борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-3-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°. 2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.Читать далее
КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча 2023-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.Читать далее
Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Айтымында 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Калган балдар амбулатордук дарыланууга кое берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды. Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканы […]Читать далее
2022-жылга Ош облусуна 944,7 млн.сом каралган. 2023-жылга 940, 6 млн.сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 944,7 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферт- 485,1 млн. сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө- 49,3 млн. сом; Муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына- […]Читать далее
Бүгүн, 30-мартта, Талас шаарынын жана Талас районунун 110 үй-бүлөсү мамлекет менен социалдык келишим түзүп, чакан бизнес ачууга 100 миң сомго сертификат алышты. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сертификаттарды тапшыруу бүгүн, 30-мартта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов […]Читать далее
2022-жылы Ысык-Көл облусуна 1 215,4 млн сом каралган. 2023-жылы 82,4 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ысык-Көл облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 1 215,4 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферт-82,4 млн. сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө- 24,4 млн. сом; Муниципалдык кызматкерлердин айлык […]Читать далее