Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылы “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы менен “Кыргыз-Түрк К – НефтьГаз” ААКтын (Түркия) ортосунда мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, “Түндүк Сох” жана “Чонгара Галча” мунай кендери биргелешип иштетилет. “Кыргызтранснефтегаз” […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош электр тармактары ишканасынын РЭТтеринде болду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алгач министр Кара-Кулжа РЭТинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. 1965-жылы курулган РЭТтин эски имараты авариялык абалга келип, мындан ары пайдаланууга жараксыз болгондуктан, быйылкы жылы аталган РЭТтин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана абоненттерди сапаттуу […]Читать далее
2024-жылдын 5-июлунда түнкү саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылындагы “Нептун” пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ысык-Көл району боюнча ӨКБдан 15 куткаруучу 2 мотопомпа, РИИБден 10 кызматкер, жергиликтүү башкаруу органдарынан 30 кызматкер жана 2 экскаватор менен 3 […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында жаңы көп фнукционалдуу турак жай комплексинин мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы үйлөр эски аэропорттун оордуна курулууда. Бул жерде 20 блоктон турган 5 кабат жана 56 блоктон турган 9 кабат үй курулуп батирлердин саны 3000ден ашат. Курулуш иштери этап этабы менен жүргүзүлөт. […]Читать далее
Июнь айынын аягында Нарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, бул Нарын облусунун жетекчилиги менен Кытай компанияларынын узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин мүмкүн болду. Күн мурун президенттин Нарын облусундагы орун басары Шабдан Абдырайым уулу, өкүлчүлүктүн Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын […]Читать далее
Күн мурун Ош шаарындагы Набережная көчөсү №13 дарегинде үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. маалыматка ылайык, ушуну менен Ош шаарында үй тибиндеги 12 бала бакча иштеп жатат. “Учурда бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жана “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн үй тибиндеги бала бакчаларды […]Читать далее
Бүгүн Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттнин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты. Өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов каза болгондордун жакындары жана иш-чаранын катышуучуларына көңүл айтып, ар бирибиз тынчтыкты […]Читать далее
Күн мурун Чолпон-Ата шаарында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-жетекчилик курамы менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешменин күн тартибинде жайкы туристтик мезгилде облуста укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды. Кеңешмеге Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармаыгынын бардык негизги бөлүмдөрүнүн жана кызматтардын башчылары катышты. Талкууда коомдук тартипти […]Читать далее
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Таш-Кудук айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу катышты. Белгиленгендей, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.Читать далее
Өзгөн шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин аймактагы өкүлчү Элчибек Жантаев курулушту баштоо аземине катышты. “Бул окуя тарыхый шаардагы тарыхый учур болуп жатат. Ушундай эле долбоор Кара-Сууда ийгиликтүү ишке ашырылып, Ноокатта башталып жатат. 3 шаарды толук кандуу шаар статусуна ылайыктап шарт түзүү […]Читать далее