2023-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында өтүп жаткан «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдирди. Машыгуунун активдүү фазасында республиканын аймагына кирип келеген мыйзамсыз куралдуу түзүлүмдөргө бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операциясын жүргүзүү, регионго аскердик абал киргизилген шарттарда кырдаалды […]Читать далее
Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жеке ишкер Абдулла Базарбаевдин “АГО Инстайл” ЖЧКсы тарабынан 200 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды. Бүгүн, 25-апрель күнү расмий ачылышы болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, район жетекчилиги жана айыл тургундары […]Читать далее
Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-19,5 чакырым аралыгы асфальтталат. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда жолдун Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу тилкесин кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жер иштери бүткөн соң асфальт жаткыруу процесси башталат. Белгилей кетсек, жалпы 85 чакырым узундуктагы Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 34 чакырымы асфальтталган. Мындан тышкары, №21 жол тейлөө ишканасынын […]Читать далее
Жергиликтүү тургундардын кайрылуусуна ылайык, Нарын шаарынын Ак Коргон аймагындагы эски күмбөздөрдүн орду парк кылуу үчүн түздөлө баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин мүрзөлөр тургундар тарабынан тийиштүү ырым-жырымдарын жасоо менен бузулган. Жердин жалпы аянты 1 гектарга чукул. Алдыда аталган аймактын айланасы тосулуп, бак-дарактардын көчөттөрү тигилет. Келечекте сейил багы кылуу үчүн […]Читать далее
2023-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен Каракол, Жети-Ɵгүз, Түп, Каба, Кызыл-Үңкүр, Орток жана Авлетим токой чарбаларынын токой коргоо кызматкерлери тарабынан түзүлгɵн актылардын негизинде, жалпы 89 токой мыйзам бузуу фактылары катталып, мамлекеттик токой фондуна келтирилген жалпы зыяндын өлчөмү 1 млн 134,6 миң сомду түзгөн. Анын ичинен: – мыйзамсыз токой кыюулар боюнча 72 факты катталып, келтирилген зыяндын өлчөмү 859,7 […]Читать далее
Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде “Тазалык” ишканасын ачуу демилгеси облуста биринчи болуп Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында ишке ашты. Бул тууралуу КРнын Прездентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана КРнын Жогорку кеңешинин депутаты Нурланбек Ражабалиев аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Облус башчысы өз сөзүндө […]Читать далее
Баткен районунун Кара-Булак айылында 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Курулушка капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Султанбай Айжигитов,Нурланбек Ражабалиев,жергиликтүү тарыхчылар,тургундар катышып,музейдин курулушу тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта […]Читать далее
2023-жылдын үч айында республика боюнча 35 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди, анын ичинен: Чүй облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 2; Ош облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 12; Талас облусунда – 2; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 9. 2023-жылдын 1-апрелине карата 513 айыл чарба кооперативдери айыл чарба […]Читать далее
Бүгүн, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө көрсөтүлгөн кооптуу тилкелер: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу […]Читать далее
Нарын шаарындагы М. Жусаев жана Алма Бак парктарында алманын жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчөт отургузуу иш чарасына президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана Ага Хан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, […]Читать далее