Ысык-Көл облусундагы экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионатка жазма буйрук берилип, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан 1127 санаторий, пансионат, эс алуу жайы текшерилип, анын 754ү тазалоочу курулма салууга милдеттендирилди. “Ошондой эле […]Читать далее
Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу Ж.Чабылдаев атындагы мектептин курулушуна капсула салынды. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, ведомство жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында капсула салуу иш-чарасына катышты. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Тендердик баасы 232 млн сомдон ашык бааланган. Курулуш-монтаждоо иштери “Дастан Строй компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.Читать далее
“Гуд Нейборс Интернешнл” уюму Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкташкан 5 муздаткычы бар кампанын курулушуна 10 млн сом бөлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү, “Гуд Нейборс Интернешнл” уюмунун Кыргызстандагы филиалы, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана Дара айыл өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Учурда Баткен районунун Дара […]Читать далее
Баткен районунун Таян айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулуп,, учурда чатырын жабуу, ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда. Мектеп эки кабаттуу окуу корпустан, өтмө галереядан, ашкана жана спорттук залдан турат, жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт. Объекттин […]Читать далее
Базар-Коргондогу селдин кесепеттерин жоюуга 70тен ашуун куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен. Жерине жалпысынан 77 куткаруучу, 7 мотопомпа, 7 […]Читать далее
Каракол шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 14,8 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан 2 275 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Шаардык прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйнтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан толугу менен […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Талас зоналдык ветеринардык лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, аталган лабораторияда төрт бөлүм иштейт. Мал-жандыктардын ылыңына диагноз коюу жана тамак-аш коопсуздугун алдын алуу максатында патологоанатомиялык, бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык, биохимиялык жана токсикологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Лабораторияда жалпы 14 адам […]Читать далее
Нарын шаарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарын Wi-Fi шаарга айландыруу максатында “Смарт – Нарын – 24” долбоору ишке киргизилүүдө. Бул долбоордун алкагында КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Нарын шаарында коомдук жайларга акысыз интернет берилгени […]Читать далее
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат – Раззаков жолундагы абал менен таанышты. Жеринде Камчыбек Ташиевге транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев маалымат беришти. Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунда иштин жай […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун аймагында 21-июль саат 09:06да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Булак айлынынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым жана Каракол шаарынан түндүк-чыгышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу конуштарда – Ак-Булак айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.Читать далее