Нарын шаарынын аймагында түнкү жарыктандыруу иштери уланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Шаардагы гидрометеорологиялык борбордун аймагынын тосмосуна демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган түнкү чырактар Таза-Нарын ишканасынын кызматкерлеринин аракети менен тагылып, жарыктандырылды. Ушундай эле жарыктандыруу Москва аймагындагы Раззаков көчөсүндө да болду. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган диоддуу лампалар тагылып, жандырылды. Нарын шаарынын мэри Канболот […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-майда саат 19:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Тактап айтканда, жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Шоро-Башат, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында – 3,5 балл, Кара-Дыйкан, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында – 3 балл, Мырза-Аке, Большевик, Куршаб айылдарында – 2,5-3 баллга чейин сезилген. Алдын […]Читать далее
ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти жана “Кыргызстандагы Интернет Коому” (ISOC) биргеликте илимий долбоордун алкагында метеорологиялык параметрлердин негизинде Боом капчыгайындагы сел жүрүү кооптуулугун болжолдоо үчүн автоматтык метеостанцияларды жана кошумча сенсорлорду орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборунан маалымдашты. Боом капчыгайынын орографиялык өзгөчөлүгүнө жана геологиялык түзүлүш шартына байланыштуу катуу жааган жаандан улам ички […]Читать далее
Мэр Эрмат Джумаев Талас шаарына кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында болду. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Анын алкагында, материалдык-техникалык базасы жана кызмат көрсөтүү шарттары менен таанышты. Өз кезегинде муниципалдык кызмат көрсөтүү ишканасынын жумушчулары маяналарынын аздыгын айтып, жогорулатып берүү суранычы менен кайрылышты. Мэр Эрмат Джумаев бул маселени шаардык кеңешке сунуштап, карап берүү […]Читать далее
2023-жылга карата облустун билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 41 жаңы мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Ош облусунда билим берүү чөйрөсүн кеңейтүү, өнүктүрүү жана балдардын бакубаттуулугун жакшыртуу багытында натыйжалуу иштер аткарылууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев […]Читать далее
Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу 2023-жылда бүткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Курулуш иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан каражаттар бөлүнгөн. Азыркы учурда ооруканын жер иштери 100% бүткөрүлүп, фундамент иштери 100%, экинчи кабатынын дубалы 100%, чатыры 100%, 2 кабаттын […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда психикалык саламаттык борборунун кошумча жаңы имаратынын курулушу башталды
Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат куруу иши башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти. 13-май күнү имараттын пайдубалына капсула салынды. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборунун башкы дарыгери Махпурат Умарова, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Бахрейнден келген даарыгерлердин тобу катышты. Жаңы курулуп […]Читать далее
Ак-Суу районундагы алыскы жайыттарга барчу жолдор оңдолууда. Бул тууралуу КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кфызматы маалымдады. Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетовдун тапшырмасына ылайык Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя жана Чымынды-Сай жайлоосунда 8 айыл өкмөтүнүн малчылары бара турган 28 чакырым жол, Чоң-Булак жайлоосундагы жолдор оӊдоп түзөөдөн өтүүдө. Оӊдоп түзөө иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан күйүүчү […]Читать далее
Нарын шаарынын аймагында жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алган учурларды аныктоо жана аны болтурбоо боюнча иш аракеттерди алып баруу уланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жарандарга мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана уруксаты жок тосуп албоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз курулуш бар тургундарга бузуу боюнча билдирүүлөр берилип, бузуу иштери алынып […]Читать далее
2023-жылдын 14- май күнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон районунда болгон катуу жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып 15 турак үйдүн короо сарайларына кирген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук ЖК кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан […]Читать далее