Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак участкасында жайгашкан «Перити-Коал» көмүр казуучу ишканасынын тоо-кен байытуу комбинатынын ачылыш аземи болуп өттү. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты. Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өз сөзүндө тоо-кен байытуучу комбинат башка көмүр өндүрүүчүлөргө дагы өрнөк болорун, топтолуп калган көмүрдүн […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде жеке көзөмөлүнө алууда. Ведомстводон маалымдашкандай, Чолпон-Ата шаарында акыркы 3 күндүн ичинде эле нөшөрлүү жааган жаандан улам 2 жолу сел жүрдү. Кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак жана Жүдөмүш каналдарынан ашкан. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу, Четки-Долонотуу дарыяларынын суусунун көлөмү көтөрүлгөн. Натыйжада эки […]Читать далее
Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү. Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында кечээ кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан 1 турак бир үйдүн, 1 дүкөндүн короосуна кирген. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.Читать далее
Жалал-Абад облусунда бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бактияр Станбековдор катышты. Алгач Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплекси ачылды. Бул спорт спорт объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,5 млн сом бөлүнгөн. Андан […]Читать далее
Ысык-Көлдө сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөрдү каптаган. Ошондой эле Бостери, Бактуу-Дөлөнөтү айылдарынын бир нече көчөлөрүн жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптаган. Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын […]Читать далее
Бүгүн, 11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүргөн. ӨКМден билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, “Кыргыз Жол Курулуш” ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.Читать далее
Бүгүн, 10-августта саат 10:26да Кыргызстандын аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жердин силкинүүсү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 баллга чейин сезилген. Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга жеткен. […]Читать далее
Ысык-Көлдө жолдун боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ысык-Көл облусунда Барскоон – Каракол мамлекеттик автоунаа жол тилкесинин аймагына мыйзамсыз салынган майда жана чоң соода курулуштарды аныктады. Мындан сырткары, Жети Өгүз […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:12де өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда […]Читать далее
Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүү максатында жайкы лагерлер уюштурулду. Бул тууралуу Ош шапрынын мэриясынан маалымдашты. Жалпы 100гө жакын бала 10 күн бою “Жеткинчек” эс алуу жайында жана мектептер алдында уюштурулган лагерлерде атайын программа менен убактыларын пайдалуу өткөрө алышат. Эс алууда балдар педагог-тарбиячылардын жардамы менен окууга даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле аларга […]Читать далее