Миң-Булак айылым – таланттардын бешиги, чыгаандардын мекени. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлук күнүнө карата жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай. Миң-Булак айылым – таланттардын бешиги, чыгаандардын мекени. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, улуу манасчы Тыныбек Жапый уулу, куйкум сөздүн устаты, чукугандай сөз тапкан, кыйчалышта жол тапкан элчи, куудул Көкөтөй чечен, эл сүйүп даңазалаган […]Читать далее
Бүгүн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объект ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен бешөө социалдык обьект, бешөө өндүрүш ишканасы болуп саналат. Алардын бири Ат-Башы районундагы эл аралык соода-логистикалык борбору. Борбордун ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Ат-Башы районунун акими Эмил Абдыкадыров, Ат-Башы […]Читать далее
Бүгүн Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Сузак районунун Барпы айылында “ОРИС НПЗ” ЖЧКсынын чийки мунайды кайра иштетүүчү заводу ишке берилди. Анын ачылышына ПрезидентТин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана ишкананын директору Ли Шимин катышты. Өндүрүштүк мекеменин курулушу […]Читать далее
Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 3 мектеп, 3 бала бакча жана Маданият үйүнүн онлайн ачылыш аземи болуп өттү. Алар: • Ак-Суу районунун Жергез айылындагы О.Элебесов атындагы 150 орундуу мектеп; • Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылындагы А.Рысмендеев атындагы 225 орундуу мектеп; • Ысык-Көл районунун Григорьевка […]Читать далее
Бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ош облусу боюнча 16 социалдык объектинин ачылышы өттү. Мамкурулуштан билдиришкендей, социалдык объектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында дин курулуп, пайдаланууга берилди. 16 объектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20 үй-бүлөгө ылайыкташкан 10 турак үй. Алар: Алай районунун Кум-Шоро […]Читать далее
Күн мурун Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жарандарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди. Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк […]Читать далее
Бүгүн, 29-августта саат 16:14тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан түштүккө карай 13 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор […]Читать далее
Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда. Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы өнөр жай базасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ичке-Жергез айылында жайгашкан 700 чарчы метр аянты менен 1 га өлчөмүндөгү дан кампасы кайтарылды. […]Читать далее
Ош облусунун аймагында 2 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: Ноокат районунун Караке айылындагы 150 орундуу Б.Абдиев атындагы мектеп; Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп; Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча. Белгиленгендей, аталган билим берүү мекемелери […]Читать далее