Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. Маалыматка ылайык, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Абшыр-Ата” турбазасынын 8183 чарчы метр жер тилкеси 2006-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, баасы 69,6 млн сом болгон “Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борбордун курулушуна капсула салды. УКМКдан билдиришкендей, учурда Баетов айылынын түштүк тарабына Т.Жолдубаев жана А.Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишине маданий борбор куруу иштери “Барс-курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын котлованы казылган. Долбоордун курулушу президенттин […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы автобекетти пайдаланууга берди. Атайын кызматтан билдиришкендей, автобекеттин капиталдык оңдоо долбоору президенттин Иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ага Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 53 млн сом бөлүнгөн. Автобекеттин ичинде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттар түзүлүп, жылууланып, атайын кондиционерлер коюлган. Ошондой эле экинчи кабатында алыстан келген […]Читать далее
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын деталдуу планын түзүү боюнча жыйын өттү. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйынга департаменттин директорунун орун басары Данияр Бапышов, Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Геодезия жана картография боюнча мамлекеттик башкармалыктын кызматкерлери, ошондой эле Жер пайдалануу жана […]Читать далее
Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган. Буга чейин 1999-жылы Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз түрдө А.В.Ш. аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени такталган. Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө […]Читать далее
Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына кызматтык унаалар берилди. Мэриядан билдиришкендей, ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи. Бул унаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды. Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.Читать далее
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди. Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл биринчи жолу мэрдин демилгеси менен шаар тротуарларын тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Мэр Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, иштөөсүн сынап көрдү. Кышында Ош шаарындагы көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды “Тазалык” ишканасы, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба […]Читать далее
Ошто Кытайдан келген дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо. Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, операциялар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук – жаркын саякат” долбоорунун алкагында катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жасалып жатат. Долбоорго ылайык, 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоо пландалууда. Дагы 50дөй бейтап глаукомасын дарылатат. Бул кытайлык дарыгерлердин Ош облусуна […]Читать далее
Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан Кең-Сай көмөк чордону жакын арада пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган көмөк чордонду куруу иштери 95 пайызга аяктады. Ош электр тармактары ишканасы тарабынан көмөк чордондогу жараксыз техникалык жабдыктар алып салынып, 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду. Буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин жумушчу сапарынын алкагында […]Читать далее
Талас шаарында пластик баштыктардан баш тартуу кампаниясы башталды. Мэриядан билдиришкендей, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында пластик колдонууга чектөө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта мамлекеттик органдар тамак-ашты кагаз же башка экологиялык таза таңгактарда сатууну сунушташат. Пластик материалдардын ордуна кайра иштетүүгө жана жаратылышка зыян келтирбеген альтернатива каражаттарды колдонуу — айлана-чөйрөнү коргоого жана келечек муундарга […]Читать далее