Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде гилас өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен жумушчу жолугушуу өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында гиласты өстүрүү, түшүм жыйноо, калибрдөө, ташуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо чаралары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында быйылкы жылы Кыргызстандан Кытайга 10 миң тоннага чейин гиласты экспорттоо пландалып жатканы айтылды.Читать далее
Баткенде жаштар кооператив түзүп, 10 гектар жерге кулпунай өстүрүштү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы кулпунай өстүргөн кооперативдин ишмердүүлүгү менен таанышты. “Клубмалина” Жаңы-Жер айыл чарба кооперативине учурда 28 адам мүчө. Алар дүйнөлүк рынок талап кылган […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустун мусулмандарынын казысы жана район шаарлардын баш- имам хатибдери менен кеңешме өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты. Жыйында үч маселе каралды. Алар, -Диний экстримизм жана терроризмдин алдын алуу -Жугуштуу ооруларга […]Читать далее
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет. Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, бүгүн, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп […]Читать далее
Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Учурда жеринде ӨКМдин жана райондук Жарандык коргоо кызматынын кызматкерлери иш алып барууда. Ал эми үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Жерине башкармалыктын башчысы полковник А.Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада аталган аймакта 7000 куб жер көчкү түшкөндүгү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан […]Читать далее
Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда. Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты. Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо […]Читать далее
Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюуга 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылып, жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, бүгүн, 5-майда саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел сайга […]Читать далее
Сузактагы кырсыктан кийин райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын […]Читать далее
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев район, шаар, айыл аймак башчылары, укук коргоо жана билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жыйын өткөрдү. Анда Сузак районундагы Манас айтуу иш-чарасында орун алган кырсыктын келип чыгуу себептери, уюштуруудагы кемчиликтер, жетекчилердин, милиция кызматкерлеринин жоопкерчилик маселелерин белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл мындан ары район, шаар, айыл […]Читать далее