Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турак үй куруу ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан демилгеленген. Бүгүн Лейлек РИИБдин кызматкерлери үчүн 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев, Баткен ОИИБдин башчысы […]Читать далее
2024-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраеванын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана […]Читать далее
Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында Чүй облусунун Токмок шаарында патология менен төрөлгөн балдардын жана балдардын соматикалык бөлүмүнүн расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Кувейт Аль-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшаянын, о.э. Токмок шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда […]Читать далее
Бүгүн Жалал-Абад шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн “Мекен деми” балдар бакчасы ачылды. Атайын кызматтан маалымдашкандай, имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, өлкө боюнча бардык облус жана шаарларда ушундай балдар бакчасы […]Читать далее
Жайыт жеринин кыртышынын асылдуу катмарын бузгандарга айып салынат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жеке ишкер жайыт жеринин кыртышынын асылдуу катмарын бузгандыгы аныкталган. Бул боюнча 2023-жылдын 21-январындагы №25 Токтому менен бекитилген “Жерлерди бузгандыгы үчүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев “Кара-Жыгач” айылынын жана “Өскөн-Ордо”, “Салкын-Төр” конуштарынын жашоочуларына кызыл китептерди тапшырды. “Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, жогорудагы үч жаңы конуштун 1000ден ашык тургундары жерге болгон жеке менчик укугун тастыктоочу кызыл китептерин алышты. Жергиликтүү жашоочулар бул күндү көптөн бери күтүп […]Читать далее
Эки жылдын ичинде Чүй облусундагы 1217 үй-бүлө чакан бизнес ачты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруу боюнча окутуунун алкагында билдирди. Анын айтымында, бул үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон берилген. “Бүгүнкү күндө программага катышкан 5,8 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрү жашоосун жакшыртууга […]Читать далее
Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар. Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү. Белгилей кетсек, кечээ, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына […]Читать далее
10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. “Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү “Чайна-Роуд” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы […]Читать далее
Бүгүн Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап “Бакыт” медициналык борбору ишке берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык […]Читать далее