Бүгүн, 26-февраль да Ыссык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 18 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызматтык унаалар облустун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан тапшырылды. Алыскы райондордо иш алып барып жаткан […]Читать далее
Аба ырайына байланыштуу Бишкек – Жалал-Абад багыты боюнча авиакаттам “Ош” аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Аэропорттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, ошондой эле Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча авиакаттам “Ош” эл аралык аэропортунан аткарылат. Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү узактыгы 2000 метрди түзүүдө, норма боюнча 5000 метр болушу зарыл.Читать далее
Жалал-Абад шаарында 5 электробус сыноо иретинде жарандарга кызмат көрсөтүүдө. Мэриянын муниципалдык автобазасынан билдиришкендей, шаарга 118,5 млн сомго жаңы Shuchi үлгүсүндөгү 10 электробус кубаттагычы менен сатып алынган. Каражаттын 100 млн сому республикалык бюджеттен болсо, калган каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Учурда электробустардын бешөө келип, сыноодон өтүп жатат. Ал эми калган 5 электробус жакынкы күндөрү келет. Аталган электробустар […]Читать далее
Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан КР президентинин жарлыгынын негизинде ишке ашырылган. Жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 […]Читать далее
21-январда энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кытайлык “NBTC Limited” компаниясынын башкы директору менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушуунун алкагында Энергетика министрлиги менен “NBTC Limited” кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана “NBTC […]Читать далее
Бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Аламүдүн районунун Ак-Босого, Теңдик, Салкын-Төр конуштарынын тургундарына жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларын тапшыруу аземине катышты. Аламүдүн районунун 400дөн ашуун тургуну жер мунапысынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыра алышты. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча облуста жер мунапысы […]Читать далее
Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Ноокат айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө М.Т. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Маловодное жана Төрт-Көл айылдарындагы бала бакчалардын ачылышына катышты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, Сокулук райондук акиминин орун басары, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жана айыл өкмөт башчысы катышты. Канат Жумагазиев алгач Маловодныйдагы бала бакчанын ачылышына катышып, 1971-жылы курулган бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоону талап […]Читать далее
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 20 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда облустук Барпы театрында өткөн “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форумда айтылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Генералдар кеңешинин төрагасы […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын аймагында “Түнкү өспүрүм” аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, рейд калаа аймагында түнкү 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында мэриянын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүрдү. Рейд учурунда ата-энесинин же жакындарынын коштоосу жок жүргөн 12 өспүрүм аныкталды. Алардын […]Читать далее