Сулайман-Тоодогу туристтик жолдор менен Үӊкүр музейи убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясын басма сөз кызматы маалымдады. КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин (ӨКМ) адистери тарабынан Сулайман-Тоонун кооптуу аймактарына мониторинг иштери жүргүзүлүп, таш кулап түшүү кооптуулугу бар аймактар аныкталды. Бул кырдаалга байланыштуу, жарандардын коопсуздугу […]Читать далее
Кант шаарына таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Кант шаардык мэриясы менен “Таза Био Сервис” ЖЧКнын ортосунда “Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана катуу тиричилик калдыктарынын жалпы массасынан пайдалуу функцияларды бөлүп алуу үчүн таштандыларды автоматтык түрдө сорттоочу линияны ишке ашыруу, андан ары экинчи зат катары пайдалануу жана жер […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде инвестиция, туризм тармагын өнүктүрүү, эмгек мигранттарын колдоо, Ош шаарынын жаштарын англис тилин жана IT-технологияларын үйрөнүү боюнча билимин жогорулатуу маселелери талкууланды. Элчи Боулер быйыл Ош шаарындагы кичи жана орто бизнести колдоо максатында инвестиция […]Читать далее
Бүгүн Каракол шаарында инновациялык жаңы ыкма менен бетон плиталарынын өндүрүшүнүн салтанаттуу ишке киргизүү аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышты. Темир-бетон буюмдарын чыгаруучу ишкананын жетекчиси Элдияр Алакунов билдиргендей, жаңы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 350 метр продукцияны түзөт. Ал Кыргызстандын аймагындагы бул өндүрүштүн уникалдуулугун белгилеп, адистер Казакстанда тиешелүү […]Читать далее
Кытайлык инвесторлор туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар
Бүгүн, 2024-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Кытай Эл Республикасынын Шэньчжэнь шаарынан келген Shenzhen Yinfutong Enterprises Management Consulting Co., Ltd компаниясынын директору Юн Ли мырза баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Уланбек Далиев облустун экономикалык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген жалпы республикалык “Жашыл мурас” бак тигүү өнөктүгүн “Кумтөр Голд Компани” быйыл дагы кызуу колдоого алды. Өнөктүктүн алкагында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Түп токой чарбасынын аймагындагы 300 гектар жерге Кумтөр тарабынан сатылып алынган көчөттөр отургузулду. Буга чейин компания кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир канча жеринде миңдеген көчөттөр тигилгенин, […]Читать далее
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында жаңы мектептин курулуш иши аяктап, ишке берилүү алдында турат. Мамкурулуштан билдиришкендей, мектеп 375 орундуу, 2 кабаттан турат. Имаратта компьютердик класс, спорт зал, ашкана, ажаткана бар. Мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн. Белгилей кетсек, айыл тургундары 24 жылдан бери эски бала бакчаны мектеп катары пайдаланып келишкен.Читать далее
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдери, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлеринин катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү. Күн тартибинде нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу калктын коопсуздугун камсыздоо жана селдерди алдын алуу боюнча маселелер каралды. Облус башчынын айтымында дарыялардагы суунун деңгээли нормадан ашык көтөрүлүшү ыктымал. «Жарандардын коопсуздугу биринчи орунда […]Читать далее
Быйыл Нарын облусунда бир катар объектилердин курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын планына облус боюнча 64 социалдык объектинин курулушу киргизилген. Анын ичинде жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо жана башкалар бар. Дем алыш күндөрү министрлер кабинетинин […]Читать далее
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү өткөрүү, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана республиканын аймагында жашыл бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында 2024-жылы республика боюнча токой чарбаларга 1,5 миң гектардан ашык аянтта экме токой отургузуу, анын ичинде Түп токой чарбасында 300 га аянтта ири массив экме токой түзүү пландаштырылган. Экме […]Читать далее