Ош шаарында жаңы таштанды полигонунун курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Кун мурун мэр Бакытбек Жетигенов «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан эски таштанды полигонун калыбына келтирүү жана жаңы полигонду куруу иштеринин башталышы менен жеринен таанышты. Шаар башчысы мында жүргүзүлүп жаткан иштердин шаар үчүн маанилүү экенин белгилеп, курула баштаган жаңы санитардык полигон бардык зарыл болгон […]Читать далее
Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кеткен ата-бала 19 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн аларды издөөгө жалпы 14 адам тартылды. Анын ичинде 7 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам. Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында спорт комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ошондой эле УКМК башчысы Нарын шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык обьектилерде болуп, элдин социалдык абалынан кабар алды. Камчыбек Ташиев өз сөзүндө белгилегендей, кара күч колдонуп, зордук-зомбулук […]Читать далее
Кадамжайда дың жерлерди өздөштүрүү үчүн суу сактагычтарды куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, кечээ 3-ноябрда Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды. Ыйгарым укуктуу өкүл аймактагы ижарага берилген жерлерди өздөштүрүү, максаттуу […]Читать далее
Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” мекемесинин жетекчилигинин Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 42 айылда курулушу жүрүп жаткан иштер текшерилди. Региондогу 42 айылдын […]Читать далее
Кытайдагы жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:31де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2024-жылдын курулуш мезгилинде Талас облусунун аймагында 36 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда пландалган жолдун 26 чакырымына асфальт төшөлдү. Анын ичинде: Аманбаев-2ф – Лущихина (Молдо-Асан-Жоон-Дөбө) унаа жолуна 1км 700 метр асфальт төшөлүүдө. Учурда 2 км жол негизи даярдалып, асфальт төшөө күтүлүп жатат; № 19 Жол тейлөө […]Читать далее
Бүгүн Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 106 адам жана 9 дрон тартылып, издөө иши 07:00дө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Анын ичинде ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп, жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты. […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун аймагында 30-октябрь саат 21:07де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чарбак айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Көк-Алма айылынан түштүккө карай 6 чакырым, Кады айылынан батышка карай 7 чакырым, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-батышка карай 25 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 35 чакырым аралыкта […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет.Читать далее