Бүгүн, 24-майда Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 20 койкага ылайыкталган, 2 кабаттуу оорукананын курулуш иши башталды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аталган айылда 1957-жылы ашар жолу менен курулган 5 орундуу оорукана алыскы айыл калкына кызмат көрсөтүп келген. Оорукананын имараты авариялык абалда болгондуктан быйыл республикалык бюджеттен […]Читать далее
Быйыл “100 өнөр жай – 2024” иш-чарасынын алкагында Ош шаарында ири өндүрүштүк ишканалар ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардын мэриясынан маалымдады. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасы ишке киргизилет. Анын ичинде Ош шаары боюнча да ири өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү пландаштырылган. Бүгүн, бул максатта Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткенде 12-үй тибиндеги балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Баткен районунун Кара-Бак айылында “Сакина” үй тибиндеги балдар бакчасы ачылып, 25 балага билим тарбия бере баштады. КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков бакчанын ачылуу аземине катышып, айыл элин, балдарды куттуктады. Белгилей […]Читать далее
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Орто-Токой суу сактагычындагы жана башка көлмөлөрдөгү суунун көлөмүн жана деңгээлин текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Азыркы учурда облустун негизги суу сактагычтарында 625,17 млн кубметр суу топтолгон, бул жалпы көлөмдүн 100%ын түзөт. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде суунун көлөмү 467 млн кубметр, же жалпы көлөмдүн 75%ын түзгөн. […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө. Эскерте салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана “Шахман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу, 1 даана “Портер” үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган. Учурда […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Нагима Айтматова көчөсүнүн кесилишинде жаңы сквер курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Сквер куруу үчүн “Бакыт телеграф” деп аталып келген соода жайы жана анын айланасындагы соода түйүндөрү, тез татым жайлары буздурулат. Учурда сквердин долбоору даярдалды. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.Читать далее
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында 50 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы, ФАП жана мечиттин ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жанаша жайгашкан үч объект, Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен курулду. Салтанаттуу иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим […]Читать далее
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Анда тараптар АКШ менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара кызматташтык алакаларынын жүрүшү, иш алып баруудагы пландарды талкуулашты. Анын ичинен соода-сатык, тоо-кен, билим берүү тармагы, саламаттыкты сактоо […]Читать далее
Бугун 22-майда Баткен облусунда үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан «IBTE» фестивалы “Көчмөндөрдүн тамак ашы”, “Айгүл”, “Баткен күрүчү”, “Килем” көргөзмө фестивалдары менен башталды. Анда аймакта өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, натуралдуу азык түлүктөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кайра иштетүү жана жеңил өнөр ишканаларынын өндүргөн продукциялары коюлду. Өзгөчө малинадан жана күрүчтөн жасалган токоч, дары чөптөрдөн жасалган […]Читать далее
Түп районунда логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Россия Федерациясынын Казань шаарында өткөн “Орусия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” эл аралык экономикалык форумунунун жүрүшүндө, Ирандык “Noor Business”, Россиялык “Түндүк-Түштүк” Каспий эл аралык интеграциялык клубу жана Кыргызстандын “Брикс Логистик” компаниялары ортосунда өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча үч тараптуу меморандум түзүлдү. Бул маалыматты […]Читать далее