Баткендин Чоң-Кара айылында бир күндө үч мекеме ачылды

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында 50 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы, ФАП жана мечиттин ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жанаша жайгашкан үч объект, Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен курулду.

Салтанаттуу иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Бүткүл Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Мухаммед Маады, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев жана башкалар катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө айыл элинин социалдык муктаждыгын жеңилдетүүгө зор колдоо көрсөткөн Мухаммед Маады мырзага ыраазычылык билдирип,бул саамалыкка себепчи болгон жергиликтүү демилгечил инсандардын эмгегин белгилеп өттү.

Чоң-Кара айылында беш миңге жакын эл жашайт,айылдагы социалдык объектилердин эскилиги жеткендиктен, демилгечил инсандар, жергиликтүү бийлик жана инвесторлордун биргелешкен аракети менен, бир убакта баары жаңыланды.

Белгилей кетсек, бүгүн 22-майда аталган уюмдун колдоосу менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында балдар бакчасы, ФАП жана дарыкананын курулушу башталды.

Связанный пост