2023-жылы “Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү” 3-компонентинин алкагында Ысык-Көлдүн айланасында туристтерди тейлөө борборлорун куруу үчүн подрядчыны тандоо иштери жүрдү. Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарында, Түп, Теплоключенка, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында курулуш иштери башталып, бардык объекттерде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Тагыраагы фундамент куюу иштери аяктап, темир тирегичтерди (имараттын каркасы) жана чатырды орнотуу иштери башталды. 2023-жылдын июль жана ноябрь […]Читать далее
Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Баткен облусуна болгон иш сапарында Кадамжай районундагы “Алгакадам” коомдук бирикмеси менен жолугуп, долбоордун ишмердүүлүгү менен таанышты. “Алгакадам” 2022-жылы долбоору мамлекет жана жергиликтүүлөр ортосунда түзүлгөн инновациялык коом. Анын максаты Кадамжай районунун Кара-Жантак массивинде жайгашкан айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз, дын жаткан тоо тектеш жерлерди агын суу менен камсыздоо. Долбоордун алкагында […]Читать далее
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев, Баткен районунун Самаркандек айылындагы жаңыдан курулган оорукананын имаратынан кабар алышты. Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен курулду. 75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын […]Читать далее
Баткенде 1 миңден ашуун наристе бала бакчага барууга кезекте турат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты. Шаарда жалпы 12 балдар бакчасы бар. Алардын 6су мамлекеттик балдар бакчасы, калган 6су жеке менчик балдар бакчасы болуп эсептелет. Облустун борбору болгон Баткен шаарында 35 миңден ашуун калк жашайт. Ошондой эле шаардагы ички миграциядан улам калктын саны мындан да […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасын куруучу инвесторлор менен жолугушту. Бул багытта Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы “Art Soft Holding” жана “SASSA GROUP” компанияларынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоор ылайык фабриканын курулушу ушул жылдын декабрь айында башталып, 2024-жылдын […]Читать далее
Бүгүн, 28-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев венгриялык инвесторлор менен жолугушуп, Базар-Коргон районуна кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Долбоорду райондун Акман, Бешик-Жон жана Базар-Коргон шаарында ишке ашыруу пландалган. Ага аталган аймактардан 450 гектар жер аянты ажыратылмакчы. Ыйгарым укуктуу өкүл облуста электр энергиясын өндүрүүгө […]Читать далее
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кашкалдак айылында 120 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти. Аталган объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бала бакчанын имараты 2 блоктон турат, жалпы аянты 1281,6 чарчы метрин түзөт. Долбоорго ылайык, бакчада балдар үчүн уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык бөлмө, гимнастика менен машыгуу залы, дарылоо кабинети каралган. Бүгүнкү күндө […]Читать далее
Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бүгүн анын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Демилге облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн. 540 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер аянты ажыратылган. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу […]Читать далее
Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Жанарбек Жайлообаев апасына тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданаарын айтып Президентке кат жазган. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Өспүрүмдүн тилегин орундатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек Жайлообаевдин апасы Мусаева Кыялга […]Читать далее
2015-жылы башталган 375 орундуу мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 375 орундуу Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2900 чарчы метр. Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш жумуштары […]Читать далее